www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арабдардын бизден айырмасы эң биринчи кура турган экологиялык шаарда жол, унаа (көмүртек) болбойт. Кыргыздар болсо 500-700 миң бай буржуй, көпөстөр жашай турган шаарда кантип жол салбасын. Аларың «служебный» машинасы жок жүрбөйт да. Экинчиси, арабдар 500 млрд доллар же 42 триллион сом бул долбоорго салышты, кыргыздар канча сом салганы белгисиз. Үчүнчүсү, арабдар 262 500 км/кв жерди бөлүштү, биз 4 000 км/кв. Төртүнчү,  арабдар Кызыл деңиздин жээгине курушат, бизде деңиз жок, Ысык-Көлдүн жээгине курабыз. Бишкекте  президент Жапаровдун «акылман» кеңешчиси улуту тажик Р. Сабиров «Асман» долбоорунун бет ачарын өткөздү.  «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү катары министр болгон Сабиров пара менен кармалган, бүгүн «Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт» болуп бул тажик дагы акталып алды. Мурун жалган жалаа менен камалгандар көп болгон.
Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Равшанбек Сабиров туристтик жана инвестициялык кудурети жогору аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу жыйында Ысык-Көл облусуна Асман деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоору жарыяланды. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар төрт миң гектар жерге 7-10 жылдын аралыгында курулат. Үстүнөн караганда комузга окшош болот. Аталган долбоорду ар тараптан талдап, керектүү изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Министрлик-мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди. Долбоор супсак: долбоордун авторлору кимдер экенин такталган эмес. Шаар көлдүн кайсы районуна курулары, каражат кайдан алынары дагы азырынча белгисиз.

Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы экологиялык таза шаар куруу планын жарыялаган. Ханзаада Мухаммед ибн Салман өзүнүн The Line деген аталыштагы жаңы проектисин жарыялап, шаар тургундары үчүн болуп көрбөгөндөй өзгөрүү тартууларын айткан. Ал кура турган шаар башка мегаполистерден айырмаланып, автомобилдерсиз жана чоң жолдорсуз келечектин супер конушу болот деп жарыялаган. Шаардагы мектептер, саламаттыкты сактоо мекемелери, эс алуу жайлары жана жашыл аянтчалар сыяктуу күндөлүк кызматтардын бардыгы беш мүнөттүк жөө аралыкта болуп, алыскы аралыкка метро менен барышат. Сауд Аравиясына жаңы курула турган калаа жогорку экономиканын диверсификацияланышына жана келечектеги 380 миң жумушчу орундун түзүлүшүнө салым кошору белгиленди. Шаар 2030-жылга чейин өлкөнүн ИДПсына 48 миллиард доллар кошот деп күтүлүүдө.

Акыркы мезгилдерде ири шаарлар технологияны, машиналарды жана заводдорду биринчи орунга койду, элди эмес. Эң өнүккөн шаарларда адамдар жумушка жылдап кетишет. 2050-жылга чейин күнүмдүк саякат эки эсе көп убакытты алат. Көмүр кычкыл газынын чыгышы жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү бир миллиард адамды башка жакка көчүүгө мажбур кылат. Адамдардын 90 пайызы булганган аба менен дем алышат. Эмне үчүн биз жаратылышты өнүгүү үчүн курмандыкка чалуубуз керек?

Ханзаада журналисттерге билдиргендей, бул долбоорго 100 миллиарддан 500 миллиард долларга чейин сарпталышы күтүлүүдө. The Line компаниясына инвестиция тартуу үчүн NEOM падышалыктын Мамлекеттик Инвестициялык Фондусунун (PIF), ошондой эле жергиликтүү жана дүйнөлүк инвесторлордун колдоосу болот. Белгилей кетсек, NEOM футуристтик шаар куруу боюнча 500 миллиард долларлык биринчи ири долбоор. Бул Кызыл деңиздин жээгинде 262 500 чарчы чакырымдык жогорку технологиялык комплекс, бир нече зоналар, анын ичинде 2025-жылы бүткөрүү пландаштырылган өнөр жай жана логистикалык зоналар бар. Ханзаада Мухаммед ибн Салман NEOM директорлор кеңешинин төрагасы болду. The Line калаасын карап көрсөк, узундугу 170 чакырым келген шаар калаанын табигый аймактарынын 95 пайызын сактап калууда. Унаа жок болот, көчөлөр болбойт жана көмүртек бөлүп чыгарбайт.

Кыргыз Республикасынын президентинин паракор кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында профилдик министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда болуп өткөн жыйында бүтүндөй өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн катализатору боло турган туризм жана инвестициялык потенциалы жогору делген аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө «Асман» — келечектеги «экологиялык таза шаар» пилоттук долбоору тааныштырылып, талкууланды. Авторлордун концепциясы боюнча аталган шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болуп, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден-соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди жайгаштыруу каралган.

Долбоорго ылайык, 4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат. Өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу менен, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

Параметрлерге ылайык, инфраструктура 500 миң кишилик туруктуу жашоочуга деп эсептелген. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонууда. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды Ысык-Көл облусуна куруу пландалууда. Долбоордун авторлорунун айтымында, алдыга коюлган максаттарга жетүү менен экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, ошондой эле ата мекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө  суроо-талаптарды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жыйындын жыйынтыгында, аталган долбоор боюнча ар тараптуу анализдөө жана керектүү изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, кургак жерлерди трансформациялоо, керектүү инженердик жана байланыш тармактарынын наркын, ошондой эле тармактарга жараша алардын кирешелүүлүк деңгээлин изилдеп чыгуу сыяктуу маселелер боюнча министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости