www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскат Эгембердиев БУУнун өкүлүнө жолукту

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Вена шаарындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык кеңсесинин Кылмыш-жаза сот адилеттиги жана кылмыштуулуктун алдын алуу программаларынын координатору Торбен Адамс менен жолугушту. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын ортосунда чет мамлекеттердеги куралдуу кагылышууларга жана согуштук аракеттерге катышуусу үчүн соттолгондор менен иштөө боюнча өз ара аракеттенүү Планынынын ишке ашырылышы, БУУнун БКБнын долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу маселелери жана Кыргызстандын жаза-аткаруу тутумунун потенциалын чыңдоо боюнча мындан аркы багыттары тууралу сөз болду.

Төрага А.Эгембердиев, Торбен Адамска колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы тыгыз кызматташуу керектигин белдирди.

Торбен Адамс кызматташтык программасы менен өз ара аракеттенүү деңгээлине канаатандыраарлык баа берди. Чет мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышуу үчүн соттолгондор менен иштөө боюнча БУУ БКБ менен мындан аркы жемиштүү иш-аракеттерине үмүт артканын билдирди.

Тараптар жолугушуу ийгиликтүү өткөндүгүн белгилешип, бирдиктүү кызматташуу мындан ары дагы өнүгө тургандыгын билдиришти.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен 2009-жылдан бери кызматташып, соттолгондорду эмгекке тартуу, аларды камак жайларынан чыккандан кийин коомго реинтеграциялоо жана ресоциализациялоо багытында социалдык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости