www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын февраль айында А.аттуу жаран Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургунунун ишенимине кирип, 22 тонна көк алманы 900 000 (тогуз жүз миң) сомго баалап алып, анын 450 000 сомун гана берип, калган 450 000 (төрт жүз элүү миң) сомун бир жуманын ичинде төлөп берерин айткан. Бирок ар кандай шылтоолорду айтып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын бербей качып жүргөн.

Мындан тышкары Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кара-Кыштак айылынын тургуну да милицияга арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүндө, 2024-жылдын 17-декабрь күнү А. аттуу жаранга Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 1 фура курманы 418 000 (төрт жүз он сегиз миң) сомго баалап, бир жумага бергендигин, бирок ушул күнгө чейин акчасы төлөнбөй жатканын билдирген.

Натыйжада жогорудагы эки арыздануучуга жалпы 868 000 (сегиз жүз алтымыш сегиз миң) сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кадамжай РИИБдин Уч-Коргон милиция айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну 30 жаштагы Н.А. Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости