www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Ош шаарындагы дарыканалардын биринен мыйзамсыз дары-дармектерди аныктады.

Тактап айтканда, текшерүүнүн жүрүшүндө «Аптека Кейджи» ЖЧКсына таандык дарыканадан Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде каттоодон өтпөгөн жана өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен киргизилген дары-дармектер табылды.

Алардын жалпы суммасы 269 миң 989 сомду түздү.

Ошондой эле дарыларды сактоо жана сатуу боюнча уруксат берүүчү документтери жок иш алып барганы ачыкка чыгарылды.

Мындан тышкары, салык мыйзамдарын бузган башка фактылар да аныкталды.

Тактап айтканда, товарларды сатуу электрондук эсеп-фактуралар аркылуу түшкөн каражаттарды көрсөтпөстөн жүргүзүлгөн, айрым жумушчу кызматкерлер боюнча салыктык отчеттор тапшырылган эмес, контролдук-кассалык машина техникалык жактан жараксыз абалда колдонулган.

Салык кызматынын кызматкерлери жеринде тиешелүү актыларды түзүштү. Топтолгон материалдардын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

 

Последние новости