www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин ишин санариптештирүү, коомдук биримдик, кадр саясаты жана коррупция менен күрөштү күчөтүү маселелерине депутаттардын көңүлүн бурду.

Өлкө башчысы бүгүнкү күндө бардык бийлик бутактары жана коомчулук биригип, болгон күч-аракетин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө жумшашы керектигин билдирди. Ошондой эле биримдик жана өз ара колдоо аркылуу гана өлкөнү өнүктүрүү, экономиканын туруктуулугун жана жарандардын бакубаттуулугун камсыздоо ишке ашарын, ар кандай пикир келишпестиктер мамлекетти алдыга жылдыруу деген жалпы максатка тоскоол болбошу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы ондогон жылдар бою калыптанып калган аймактык бөлүнүүлөрдү жоюу багытында акыркы убактарда ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтып, тагыраагы акимдердин, судьялардын жана башка мамлекеттик кызматкерлердин ротациясы ишке ашырылганын билдирди. Муну менен катар ушундай эле принципти жогорку билим берүү системасына да киргизүү пландалып жатканын маалымдады.

Президент Садыр Жапаров мындан тышкары парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү зарылдыгына токтолуп: «Акыркы 5 жылда эле парламентте 65 тоннадай кагаз колдонулган. Эми депутаттардын иши планшеттер жана ноутбуктар аркылуу электрондук форматка өткөрүлөт. Бул көп көлөмдөгү кагазды талап кылган документтерди санарип түрүндө ачып, сактоого жана электрондук архив түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Электрондук формат документтерди макулдашуу процессин да тездетет. Президенттин Администрациясы жана Министрлер Кабинети мындай форматта үч жылдан бери иштеп келет», - деди.

Өлкө башчысы ошондой эле Министрлер Кабинетинин ишинде да айрым кемчиликтер болушу мүмкүн экенин эске салып, депутаттарды мыйзам долбоорлорун биргелешип кылдат кароого, активдүү талкуулоого жана конструктивдүү пикир алмашууга чакырды. 

Андан сырткары коррупцияга каршы күрөшкө көңүл бурган мамлекет башчысы өлкөдө коррупцияга орун жок экенин, мындай кылмыштарды жасагандар жазадан качып кутула албай турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жана мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттарына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна да жооп берди

Алсак, депутат Дастан Бекешев жалпы республикалык тестирлөө тармагын санариптештирүүнү, окуучулар үчүн акысыз кылууну жана мектеп формасына болгон талаптарды жеңилдетүүнү сунуштады. Депутат Эльвира Сурабалдиева коомдогу зомбулук көйгөйлөрүн ачык талкуулап, аны чечүүнүн жолдорун биргелешип издөө зарылдыгын белгиледи. Эл өкүлү ошондой эле УКМКнын мурдагы ишмердүүлүгүндөгү айрым кемчиликтерге токтолуп, мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөр тууралуу маалымат коомчулукка ачык жарыяланышы керектигин билдирди. Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров дагы жарандардын бардык кайрылуулары жана даттануулары кылдат жана адилет каралышы керектигин айтып, мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөр боюнча тиешелүү маалыматтар текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин жарыяланарын кабарлады.

Депутат Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар жаатындагы реформа тууралуу кеп кылып, «Эл мугалими», «Эл акыны» жана «Эл дарыгери» наамдарын калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Улан Примов өлкө эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынына келип, депутаттардын суроолоруна ачык жооп берип жатканын айтып, мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак-жайларын аймактарда да куруу зарылдыгына көңүл бурду. Депутат Айгүл Карабекова медициналык каражаттарды өндүргөн ата-мекендик ишканаларга колдоо көрсөтүү маселесин көтөрдү. Депутат Айсаракан Абдибаева мамлекеттик чек ара, кадр саясаты жана Аксы окуяларына байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн мамлекет башчысынын кабыл алуусун өтүндү. Депутат Алтынбек Кылычбаев мугалимдерди жана дарыгерлерди турак-жай менен камсыз кылуу маселесин ортого салды. Депутат Эрулан Кокулов өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында депутаттардын статусун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Гуля Кожокулова сот органдарынын ишмердүүлүгүнө көңүл бурду.

Последние новости