www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Руслан Айтбаевич, кечээ комитеттин жыйынында «элчилик милдет жүктөлгөн кээ бир картаң «чалдар» эч иш жасабай отурушат, алардын ордуна жаш, жигердүү жаштар барса жакшы болмок» деген пикирлер айтылды. Дипломат катары сиз буга кошуласызбы?

– Мунун эки жагы бар. Элчи – бул саясый кызмат. Ал тышкы иштер министринин сунушу, премьер-министрдин макулдугу боюнча президенттин жарлыгы менен дайындалат. Элчи – президенттин ошол өлкөдөгү өкүлү. Алар түздөн-түз президент менен иштеши керек, анын ар бир айткан сөзү Кыргызстандын атынан айтылат. Менин дипломат кесиптештерим бир аз капа болуулары мүмкүн, бирок, баардык мамлекеттерге эле профессионал, же жаш дипломаттар барып иштеши керек (!) дегенден алысмын. Элибизге, мамлекетибизге керек болсо, кээ бир өлкөлөргө мурда чоң саясый кызматтарда иштеген, тажрыйбалуу, абройлуу лидерлер барса жакшы жыйынтык берет. Ал эми дипломатиялык иштер: кагаздарды, протоколдук жазууларды жүргүзүү, консулдук иштер боюнча анын жанында иштеп жаткан кеңешчилери жана башка дипломатиялык катчылар жардам берип, иштеп кетишсе болот. Мисалы, Казакстанда көп жыл Жаныш Рүстенбеков иштеди. Анын иши жакшы жыйынтык берди. Себеп дегенде, анын түздөн-түз Нурсултан Назарбаев, анын тегерегиндеги аксакалдар менен байланышы бар эле. Анын ордунда бир жаш дипломат барса кыйын болуп калмак. Тажикстанда Мирослав Ниязов иштеди. Ал коопсуздук маселесин жакшы билген генерал. Ооган маселеси бар, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы көйгөйлөр арбын, ошондуктан, анын иштегени да туура болду да. Андыктан, дагы бир жолу кайталагым келет, кээ бир өлкөлөргө мурда чоң саясый кызматтарда иштеген, тажрыйбалуу лидерлер барганы туура эле. Бирок, бул баардык жерде болбошу керек.

– Тышкы иштер министрлигинде качан чет өлкөлөргө барып иштейм (?) деп өз кезегин күтүп отурган канча адистер бар? Ошол эле мезгилде дипломатиялык кызматтарга сырттан дайындалып кетип жаткан учурлар жок эмес, ушул туурабы?

– Бул түп тамырынан бери туура эмес. Чындыгында эле мурунку бийликтердин убагында, эки революциядан кийин дипломатиялык кызматтарга тааныштык менен ошол эле Жогорку Кеңештен, ошол эле өкмөттөн дайындалып, иштешкен. Бирок, алардын көбү жумуштан өздөрү але арыздарын жазып кетип калышты. Андайды мен да өз башыман өткөргөм. Себеби, алардын тийешелүү кесиби, даярдыгы болгон эмес. Башка кесиптен баргандар ал мамлекеттин саясатын дагы, экономикасын дагы, тилин, маданиятын дагы билишчү эмес. Бир сөз менен айтканда, кесипкөй эмес эле. Чет элден, же өзүбүздөн окуган көп кадрлардын көңүлдөрү сууп, же ишкерликке өтүп, же Кыргызстандан чыгып кетип жатышкандары ошондон улам болуп атат да. Конкурстарды жарыялап коёбуз, бирок, ал иштебей жатат, кадрлар баягы эле тааныштык, туугандык, жердештик менен дайындалууда. Бул абалды тез арада ондобосок, ансыз деле жаш, жакшы кадрларыбыз сыртка чыгып кетүүдө. Жакында кадрдык чоң бир коллапска, курч кризиске учурашыбыз мүмкүн. Азыр деле кадрдык кризис бар, мындан дагы жаман акыбалга түшөбүз.

Керим Мурас

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости