www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Болбой калган “күйөө балдар

Милиция кызматкерлери тарабынан никеге турууга мажбурлоо максатында Ош шаарынын убактылуу тургунун алып качып кетүүгө шектелген үч жигит кармалды. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине Ош ШИИББинин басма сөз кызматынан  Замир Сыдыков билдирди.

Кыз ала качкандар 1998-жылы туулган кызды эркине каршы 21-январь күнү, саат 17:40тар чамасында алып качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул ишке шектүү катары 22-январдан 23үнө караган түнү 1998-жылы туулган Ош шаарынын эки, Тажикстандын Мургаб районунун бир тургуну кармалышты.

Алардын үстүнөн КР Жазык кодексинин 175-беренесинин белгилеринин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги маалымдалды.

  

Булак:NazarNews.kg

Последние новости