www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн өнүгүшү үчүн иралды ишкерлерди колдоо саясаты зарыл. Бул боюнча өзгөчө камкордук керек экенин билебиз. Тилекке каршы, Кыргызстанда соңку убактарда бизнес чүйрөсүнө зомбулук көрсөтүү, өлтүрүп кетүү, миллиондорду талап-тоноо өнөкөткө айлангандай. ОПГ күн көрсөтпөй калдыбы? Эмесе, бул жааттан көмүскөдөгү соболдорду жолдойлу.

«Ала кушту атынан ата» дейт эмеспи. Анын сыңарындай, түз суроо узаталы: ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев кылмыш дүйнөсүнөн коркобу, же каңдай? Колтукташпы? Өткөн жылдын 11-декабрында саат 19.30дар чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында өзбек ишкери Кудратулло Уримбаев «Хондасы» менен баратканда аварияга учуратып, капыстан келген беткапчандар машинадагы 1 миллион 300 миң долларды олжолоп кеткени ыраспы? Куралчан топтун тоноп кеткени ачыкталабы? Кызылдай каракчылык болуп атса, окуяны автокырсык катарында ишти будамайлашканбы? Окуя болгон жерге кылмышкерлер «Мерседесин» (О 8217 U) таштай качышканбы?

Ал эми «Солто» коомунун төрагасы Эркин Тентишов тар чөйрөдө нааразы болуп жүргөнү эмнеси? Анын Бишкектеги Куликов көчөсүндөгү офисине 31-декабрдан 1-январга караган түнү беткапчандар басып киришип, 1 миллион 500 миң долларын жулуп кетишкенби? Бул боюнча милиция кьшмыштуу топтор менен күрөшкөндүн ордуна артка кетенчиктегенби? Ажого белек катары даярдалган кымбат баалуу алтындан жасалган орденди да олжолошконбу? Бул боюнча Биринчи Май РИИБси эмне кылып отурат?

Мындан сырткары, министр Кашкар Жунушалиев ишкерлердин көп суммадагы акча менен тонолгон фактыларын жаап-жашырып, парламенттен депутаттарды алдаганбы? 2019-жылдын 6-март күнү кечинде Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында жеке ишкер Б.С. жана анын жубайы К.М. тапанча менен башка атылып, 310 миң доллары тонолгонбу? Бул фактынын ачылганын айтып, министр ооз көптүргөнбү? Ал эми 2019-жылдын 19-август күнү Бишкек шаарынын «Дордой» базарынан кытайлык ишкерлерге карата карактоо жасалып, 323 миң доллар акчасын тартып алып кетишкенби? Ири кылмыш иштеринин ачылбай калганында кандай себептер бар?

Жогорудагы ишкерлерге карата жасалган каракчылыкка эмнеге чекит коюлган эмес? Милиция жетекчилиги ишти бас-бас кылып, ОПГ мүчөлөрү менен коюн-колтук алышып кеткенби? Эмнеге ири талап-тоноолор болуп атса, коомчулукка ачыкталбай келет? Министр Кашкар Жунушалиев дал ушул суроолорго жооп бере алабы? Же ооз басырык алып койгонбу?..

Кубат Карачев

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости