www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Балыктын торлоруна болгон изилдөө эмнеден улам башталды?
– Баардыгы беш жыл мурун башталды. Мен ал убакта экотуризмге кызыгып, абдан кызуу иш алып барып жаткан кезим эле. Жай мезгилинде бийик тоолуу Соң-Көл көлүнө барып калдым. Жээгине жете элек жатып эле өлүк балыктардын жыты жыттана баштады. Мындай учурларды колдон чыгарбаган жаным, жергиликтүү чабандардан аталган жыттын келип чыгуусун сурадым. Алардын айтуусунда, жергиликтүү калк жана браконьерлер келип, электр кайырмактары жана синтетикалык торлору менен бир топ балыкты кармайм деп, айланасындагы суу жандыктарга зыян келтиргенинин белгилешти. Браконьерлер 100 метри 300 сом турган торду колдонуп, кайра экинчи ирет колдонбой ыргытып салууга анын баасы негиз түзөт жана көлдөрдө, дарыяларда калган тор суу жандыктарына өзүнүн зыянын 300 жыл тийгизерин дүйнөлүк эксперттер жана эл аралык лабораториялар аныкташкан. Анткени сууда жаткан торго балык барып кептелет, чыгалбай өлөт, аны көргөн чоңураак суу жандыктары барып жейин деп, алар да торго кептелиц өлүшөт. Бул көрүнүш өлкөнүн экологиялык системасына эбегейсиз терс таасирин тийгизип келет.
– Соң-Көлдөн башталган изилдөө кандай уланды?
– Соң-Көл менен башталган изилдөөм Кыргызстандын башка дарыяларына, көлдөрүнө өттү. Изилдөөнүн натыйжасы өтө кейиштүү болду. Баардык жерлерде Соң-Көлдөгүдөй абал үрөй учуруп турду. Экологиялык жана балык департаментинин инспекторлору браконьерлердин алдында өтө алсыз болушчу, анткени синтетикалык торлорду колдонууга чектөө жок эле. 2013-2018-жыл аралыгында эле 22658 даана синтетикалыктор өлкөгө кирип, алардын жалпы узундугун эсептесек 1 миллион 828 миң 298 метрди түзгөн. Мындайча айтканда, Кыргызстандан Россия Федерациясына чейинки аралык. Бул көйгөйдү ар тараптуу чечүү жолдору эч кандай натыйжа бербей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шайлары оогон.
Аталган экологиялык катастрофа Соң-Көлдүн пелядь жана сига лудога балыктарын түп орду менен кырып салган, а Ысык-Көлдө чабак балыктары кескин түрдө азайган.
– Бул экологияга болгон өтө чоң кыянатчылык го?..
– Ооба, мени да өтө кейитти. Бул маселе менен күрөшүүгө бир гана жол бар: ал синтетикалык балык уулоочу торлорду биздин өлкөдө иштетип чыгарууга, колдонууга, сатууга жана өлкөгө чет жактан киргизүүгө мыйзамдык түрдө тыюу салуу керек. Бул күрөштү баштап, жалпыга маалымдоо каражаттарында, радиолордо байма-бай талкуу жүргүзүп, Кыргызстан экологиялык катастрофада экендигин айтып турдум. Ушул себептен улам коом дагы бул көйгөйдү билип баштады.
2018-жылы кесиптешим Талант Солтобеков менен биргеликте ПРООНдун колдоосу менен «Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорунун жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине, жоруктар жөнүндө кодексине, бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыктык.
– Бул мыйзам бийлик тараптан колдоо таптыбы?
– Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов жана Бактыбек Турусбеков бул мыйзамды демилгелеп чыгууга кызыгышып, аталган мыйзам жалпы мамлекетибиздин экологиялык зыянын азайтат деген ураанда колдоп чыгышты. 2020-жылы январь айында аты аталган депутаттардын жардамы менен биздин мыйзам парламентген үч окуудан өттү. Эми бул мыйзам сүйүктүү өлкөбүздүн ажайып кооз дарыяларындагы, көлдөрүндөгү жан-жаныбарлардын өлүмүн азайтып, аларга болгон зыянды кескин түрдө токтотот (!) деп терең ишенем.
Жамиля Нурманбетова
Булак: "АЗИЯnews"