www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активисттердин бири Кадырбек Эшмурзаевди  кепке тартып, кайчы пикир жараткан жагдайлар боюнча ой бөлүштүк. 

--Кадырбек мырза, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети өлкөгө кандай таасирин тийгизди?

--21-кылымдын илимий-технологиясы өнүккөн, чек аралар ачык интеграциялашкан заманда бейкапар жашап жаткан элди бир заматта чакчалекейге түшүрүп, дүрбөлөңгө салды.

Дүйнөдө экономикалык-гуманитардык кризис башталып, ар бир мамлекетти оор сыноолорго учуратып, кемчиликтерин оркойтуп көрсөттү. Ошолордун арасында Кыргызстан да оор сыноолорду баштан кечирип, курч кемчиликтер бар экенин даана сезди.

Мамлекеттик резервдеги акчанын жетишпегендиги, коопсуздук жаздыгынын жоктугу, социалдык чыгымдарга резервде акча-каражаттын жок экендиги олуттуу көйгөйлөргө тушуктурду. Өзүбүздүн өлкөдөн чыккан Ата-Мекендик тамак-аш продукцияларынын аздыгы азык-түлүк кризисин жаратып, азык-түлүккө жана башка керектөөчү продукцияларга баалардын кескин көтөрүлүшүнө алып келди.

Мурдатан алдын-ала азык-түлүк коопсуздугуна камкордук көрүлүп келгенде, азыркыдай тез аранын ичинде эле азык-түлүк кризиси жаралбайт болчу. Миң күн бир күндүн камын көрүп жаша деген макалды унутуп калганыбыздын кесепети болду.

--Буга чейин, өкмөткө "Өлкөдөгү Ата-Мекендик продукцияларыбызды чыгарып, 70-80 пайыз ички рынокту ээлешибиз керек" деген сунушуңуздү айтып келгенсиз. Ал сунуштарыңыз, бүгүнкү күндө аткарылдыбы?

--2005-жылы март ыңкылабынан кийин К.Бакиев бийлик башына келип, элге кайрылган: "Бардыгыбыз бир жакадан баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарып, жапатырмак киришип Кыргызстандын экономикасын көтөрөлү, актуалдуу сунушуңар болсо бергиле," - деген. Ошондон кийин ММКлар аркылуу сунуштарымды бере баштадым.

2006-жылы Бишкек, Ош шаарларынын базарларын, дүкөндөрүн кыдырып талдоо жүргүзсөм, жеңил жана тамак-аш өнөр-жай продукцияларынын 80-90 пайызы импорттон келет экен. Кыргызстанда жеңил жана тамак аш өнөр-жайына басым жасалып, артыкчылык багыт берүү зарыл. Өзүбүздүн Ата-Мекендик продукцияларыбызды чыгарып 70-80 пайыз ички рынокту ээлешибиз абзел деген сунуштарымды Эркин-Тоо, КыргызТуусу газеталарына жарыялап турдум.

Кыргызстандын базарларын Кытайдын, Өзбекстандын пахтадан кездемелери ээлеп, бир метри 27-30 сомдон сатылып жатыптыр. Эгер Оштун текстиль комбинатынан өзүбүздүн кездемебиз чыкса наркы канча сом болот экен деп, экономикалык талдоо жүргүзүп көрдүм. Бир метр кездеме кошумча нарк салыгын кошуп эсептегенде өздүк наркы 17-18 сомдун тегереги болорун эсептеп чыктым. Акча сыртка кетип жатат, Оштогу текстиль комбинатты жандандыруу зарыл деген темада Кыргыз-Туусу газетасы аркылуу өкмөткө сунуш жолдодум. 2007-жылы Кытай Оштун текстиль комбинатына инвестор болуптур, 25 млн. доллар инвестиция алып келет, 10 млн. доллары келиптир дегенинен текстилден кабар алганы бардым. Офисинин эшигине жумушка кабыл алабыз деген кулактандыруу жазып коюптур. "Жиптекс"цехинде жип ийрип чыгарып, башка цехинде аскердик кездемелерди чыгарып, комбинаттын өзүндө аскердик формаларды да тигип жатыптыр. Бардыгы 280 жумушчу эмгектенет экен. Чындыгында иш жакшы эле башталган. Кийин эле 2010-жылдары иш токтоп калды. Текстиль комбинатынын өндүрүш имараттары, 56 гектар жери сатылып таламайга түштү. 56 гектар жерди эркин экономикалык аймак кылып койсо жакшы болмок деп ойлодум.

--Анан?

--Үч жыл мурда  кызыгып бардым эле, бир бөлүгү унаа тетиктерин саткан базар болуптур, генералдын базары деп айтышты, бир бөлүгү мурдагы өнөр-жай министри Асаналиевдики деп уктум. Канча ээси бар экенин так билбедим. Билгенде не пайда. Канча убактымды кетиргениме эле өкүнүп калдым. Эки-үч жылдан бери угуп жүрөм, Оштун киреберишинде адырларды тегиздеп текстиль ишканасы курулуп жатканын, эми качан продукция чыгарганда белгилүү болот. Ошондон бери аталган тармактарда түзүк өзгөрүүлөр болгон жок. Жок дегенде, өсүмдүк майын чыгарып баклашкаларга куя турган заманбап заводубуз жок экен. Эгер импорттон келбей калса, илгеркидей май жуазда өндүрүп, филиактарда сатып, мануфактуралык заманга кайтмакпыз.

--Өлкөдөгү акыркы абалдан улам, мүмкүн жогору жактагыларга бере турган  кеңешиңиз бардыр?

--Кыргызстанда бийлик башындагы ууру-коррупционерлер бири-бири менен тилектеш жана табакташ болгондуктан коомго пайдалуу маселелерди чечүү абдан кыйын экенин чындап түшүндүм.

Эми коронавирус инфекциясы менен күрөшүү өлкөдө согушка тете окуя болуп жаткандыктан - бардыгыбыз биргеликте, ынтымакчылыкта бир муштумдай түйүлүп илдет менен күрөшүүбүз зарыл. Согуштун эрежелерин так сактап, үйдө отур дегенде - үйдө отуруп, сабыр кылгыла дегенде - сабырдуу болушубуз шарт. Чет жактагы мигранттарыбыз да, мамлекеттин башына түшкөн карантүндү түшүнүү менен кабыл алуусу абзел. Ошондо биз коомдун ысык-суугу менен бирге болуп, эртерээк жеңишке жетишебиз.

Турмуш өз нугуна түшүп, бейпилдик мезгил келгенден соң, мамлекеттик саясатты түп- тамырынан өзгөртүү зарыл. "Пандемия олуттуу сыноо катары гана эмес улуттук экономиканы жөнгө салуу принциптерине жаңыча көз караш менен кароого шарт түзгөн маанилүү тарыхый учур болуп калат",- деп премьер-министр Мухамедкалы Абылгазиев абдан туура айтты.

Алдыдагы негизги милдеттердин бири - мамлекеттик резервдеги акча-каражаттарды көбөйтүү. Ал үчүн бажы, салык тармагында кардиналдуу өзгөрүүлөргө баруу керек. Салыштырып айтканда, көп ишканалар 70 пайызга чейин кирешелерин жашырып, 100 миң сом төлөй турган салыктын 30 миң сомун гана төлөп жатышат. 2017-2018-жылдардагы иликтөөлөр боюнча республикалык бюджетке 40 млрд. сомдун тегерегинде салыктык төлөмдөр түшпөй жатат. Бажы төлөмдөрүнөн 25 млрд. сомго жакын төлөм бюджетке түшпөй жатат. Быйылкы жыл кризис болуп, турукташтыруу аракеттери менен жыл аяктайт. 2021-жылы республикалык бюджетке 200 млрд. сомдон ашык салык, бажы төлөмдөрүнөн киреше түшүргөнү толук мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекеттүүлүктү чыңдап, эгемендүүлүктү бекемдеп, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган этап босогодо турат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости