www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Россиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков менен Франциянын лидери Эммануэль Макронду буга чейин айткан сынына берген баасы боюнча комментарий берди.
Эске салсак буга чейин Песков анын Макронго карата "терроризмдмн лидери" деп айтканы үчүн, "Эки мамлекет аралык тартыштарга аймактык башчылар катыша албайт"- деп Песков Кадыровдун ордун көрсөткөн.
Көп өтпөй Рамзан Кадыров өзүнүн Телеграм каналында буга тиешелүү пикирин жазган.
Кадыров Россиянын түзүүчү субъекттеринин башчылары тышкы саясатты түзүүгө тиешеси жок деп макул болуп, өзү бул маселелерди жакшы билгендигин жана "ага бул темада эч нерсе түшүндүрүп берүүнүн кажети жоктугун" баса белгиледи. Ошол эле учурда ал Франция президентин сындап жатып, саясатчы катары эмес, өз динин сүйгөн мусулман катары сүйлөгөндүгүн белгиледи.
Ошондой эле, ал Макрон жөнүндө айткандарынан баш тартпай тургандыгын жана дагы миң жолу кайталоого даяр экендигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg