www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тергөөчүлөр үч жылдан бери кичинекей кызын зордуктап, аны менен порно тасма тарткан жана интернет тармагагына тараткан 31 жаштагы Сахалиндин тургунунун кылмыш иши боюнча тергөө ишин аякташты.  

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучу 2016-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын декабрь айына чейин анын батиринде 2006-жылы туулган кичинекей кызына карата көп жолу сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган. Тергөө учурунда 160тан ашуун порнография эпизоддору табылган. 

Маалыматта белгилүү болгондой, 2017-жылдын ноябрь айынан баштап эркек киши кызынын катышуусу менен порнографиялык видеолорду интернетке жарыялай баштаган.

Кийинчерээк, тергөө учурунда айыпталуучу 12 жаштагы мектеп окуучусу менен жыныстык катнаш темасында кат жазышып жүргөнү да белгилүү болгон. 

Кылмыш ишинин материалдары бекитилген айыптоо корутундусу менен бирге сотко кароого жөнөтүлдү. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости