www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте белгисиз адамдар Кыргызстан эл аралык университетинде окуган пакистандык студенттерди сабап кетишти. 

"Окуя түштөн кийин Республикалык көчөнүн боюнда жайгашкан биздин жатаканалардын биринде болгон. Биздин студенттер азык-түлүк сатып алуу үчүн жакынкы дүкөнгө барышкан. Жолдо аларга жергиликтүү балдар жабышып алып телефондорун берүүсүн талап кылышкан. Биздин балдар баш тартканына карабай алар студенттерди сабай башташты. Алар балдардын артынан жатаканага чейин чуркап кирип, сабай беришкен. Жаш агрессивдүү жигиттер көп болчу. Биз аларды зорго көчөгө алып чыктык », - деди Имран Назир. 

Анын айтымында, чакыруу боюнча келген полиция кызматкерлери кол салгандардын экөөсүн гана кармап, No 5 ГОМго алып барышкан. Ошондой эле Пакистандын жаракат алган төрт жараны суракка жана арыз берүү үчүн ошол жерге жеткирилген. Алардын бири эң көп жапа чеккен - мурду сынып, бир нече жери көгөргөн. 

Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя боюнча комментарий бере элек, кийинчерээк толук маалымат беребиз деп убада кылышты. Мушташ фактысы боюнча, полициянын айтымында, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости