www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Маданият министриги «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын жеке ыйгарым укуктарын колдонуп тартып ала албайт», - дейт ырчы Кайрат Примбердиев. Бул тууралуу ал Instagram бакачасы аркылуу билдирүү жасады.

Ырчынын айтымында, Маданият министрлигинин мындан сырткары да кыла турган кызматтары абдан көп. Жаза колдонуу жана чара көрүү жумуштары менен башка органдар иш алып барат.

«Мен бул кайрылууну жолдобой эле койоюн деп жаткам. Бирок, мага жеке кат аркылуу өлтүрүп кетем деген коркутуулар болуп жатат. Жада калса үй-бүлөмдүн да тынчтыгын алып коркутуп жатат. Мен ойлойм, бул да Маданият министрлигинин жарлыгынан кийинки реакциядан улам болуп жатат деп.

Эгер, министр бизди кабинетине чакырып алып, эскертүү берип койсо мынчалык резонанс жаратмак эмес. Биз ошол жерден анын көзүнчө кечирим сурап, видео кайрылуу жасап койсок ошо менен бүтмөк», — деди Примбердиев.

Эске салсак, ырчы Курал Чокоев YouTube каналы аркылуу шоу-программа ачып, анда ырчыларды конокко чакырып этикага туура келбеген, жосунсуз жоруктар менен баарлашуу көрсөтүлгөн.

Берүүнүн жүрүшүндө алар бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уят сөздөрдү да колдонушкан. Ошондой эле, ал берүү 18 жаштан жогору деп, берүүдө уят сөздөрдү колдонууга уруксат берилген.

Курал Чокоевдин берүүсүнө конок катары келген Кайрат Примбердиев да коомчулуктун катуу сынына кабылгандан кийин министрлик тарабынан аны жоопко тартуу чечими чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости