www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Өлкөнүн президент Касым-Жомарт Токаев Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Казакстандын мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен «Nur Otan», «Ак Жол» жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон.

Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев премьер-министрликке сунуштаган Маминдин талапкерлигин жаңы депутаттар колдоп берди. Залда мажилистин 99 депутаты болгон. Мамин үчүн алардын 78и добуш берсе, 21и карманган.

Ал эми добуш бербей койгон депутаттардын бардыгы «Ак Жол» менен Казакстан Элдик партиясы болду. Маминди Nur Otan партиясынын 78 өкүлү колдоп берген. Мажилисте ушул үч партиянын гана депутаттары бар.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев «Nur Otan» фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.

Эскерте кетсек, Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости