www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевга
Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарынын Ленин көчөсүнүн №41 үйүнүн жашоочусу Абдималикова Айнурадан эл. почта: abdimalikova.ainura [email protected] Байланыш телефону: 0779 960 480
К А Й Р Ы Л У У
Урматтуу Гүлмира Кудайбердиева!
Мен сизге айласыздан дагы бир ирет кайрылууга туура келип турат. Сизге Аксы районунун билим берүү тармагы кызыктырбаса, мен кош көӊүл карап тура албайм себеби, мага Аксы районунун билим берүү тармагы ошондой эле жаӊы өсүп келе жаткан жаш наристелердин келечегине кайдыгер көз карашта карап тура албайм. Чуулгандуу коррупция беренелери менен кылмыш иштер менен соттолуп жаткан Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн Зыябекова сотто акталып кайра жумушун улантуу алдында турат. Бул эмне деген алешемдик? Учурда Өлкө башчыбыз Сооронбай Шарипович ар бир Эл менен жолукканда Сотто чоӊ реформа болот деп ошондой эле, коррупция менен күрөшүү эч качан токтобой тургандыгын баса белгилек келе жатса Сот актап жиберди. Сиздер эмне президент жүргүзүп жаткан саясатка каршысыӊарбы?Сизден башка адискөй жетекчи дайындап бергиле десек, сот бүтсүн кийин карайбыз дейсиӊер.
Аксы райондук сотунун судьясы Батыралиев Кайрат Абдуллаевич Аксы РБББ нүн башчысы Зыябекова Угулайдын сот ишин эч кандай негиз жок 20 жолу жылдырып, акыры 2018-жылдын 31-декбарында КРнын КЖК сынын 316 статьясынын 1-бөлүмү менен мамлекетке келтирилген чыгым кайра кайтарылды деген жүйө менен кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып жиберүү менен Зыябекова Угулайдын кайра жумушка келишине шарт түзүп берди. Кантип уялбай Зыябекованы жумушка алып келесиӊер мен таӊ калам. Менин кабарым боюнча азыркы учурда Зыябекова Угулай Медетбековна 2019-жылдын 17-январында апелляциялык мөөнөтүм бүтөт деп, сиздин эшигиӊизди акмалап жүрөт министрликтен буйрук алып, жумушка кайра чыгам деп. Эгерде, кызматына кайра келсе, Аксы районунда билим берүү тармагы толугу менен ойрон болотко эмнеге жаш муунга касттык кылып жатасыздар? Зыябекова кайра кызматка келип олтуруп калса, райондук билим берүү тармагындагы кызматкерлер митингге чыгабыз деп жатканын да сизге айтып койуу абзел.
Сиздин биздин райондогу өкүлүӊүз Зыябекова эмнелер менен алек болуп жатаканын айласыздан эстетким келет! Аксы РБББнүн башчысы болуп, 2015-жылдын 14-октябрынан бери Зыябекова Угулай Медетбековна иштеп келет. Райондо билим берүү тармагында: 65 мектеп, 25 бала бакча, 2 балдардын билимин өркүндөтүү борбору 1 өспүрүмдөр спорттук мектеби ошондой эле, 3 300 ашуун мугалим эмгектенет. Көрүнүп тургандай райондогу эӊ чоң мекеме болуп эсептелет. Угулай Медетбековна өзү иштеген учурда кандай «ийгиликтерди» жаратканын билбейм бирок, бир топ финансылык мыйзам бузууларды жасагандыгы, коррупциялык иштерге аралашкандыгы жөнүндө атайын мамлекеттик органдар тарабынан фактылар аныкталып, тиешелүү органдар үн катпай олтурганы таӊ калтырат! Факты менен айта кетсем, 2018-жылы КР нын МУКК нын Жалал-Абад облусу боюнча ТБнүн ОМИ боюнча юстициянын подполковниги Зулпиев Н. тарабынан 172-17-99 сандуу кылмыш иши боюнча атайын мамлекеттик органдар тарабынан фактылар аныкталган. Токтомдо: Кылмыш иши боюнча Зыябекова Угулайга КР нын КЖКсынын 304-беренсинин 2-бөлүмү, 306-берененин 1-бөлүмү боюнча айыбы угузулган. Угулай Зыябекова 1-4-класстарга берилүүчү шашке чай үчүн тендер өткөрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталган. Же коррупциялык схеманы жетектеп, 1-4-класстарга наристелердин «ырыскысына кол салып, ач көздүк кылды» деген корутунду чыгарылган.
Өзүӊүз ойлонуп көрүӊүз жол курууда жеди десе да, анчалык кулакка катуу угулбайт экен, эми написи жаман деп басып кетесиӊ! Ал эми жаш балдардын ырыскысын талашты дегенди угуп, жакаӊы кармап, айласыздан Тооба келтиресиӊ. Анткени ар кандай кырдаалда Апалар өздөрү ачка калып, каза болсо да жарым нанын баласына берген! Угулай Медетбековна да Энего! кантип өзүнүн балдарынын ырыскысын жеди. Жада калса, айбанда баласына жем таап келип берет!?
Негизинен мен, Зыябекова Угулай Медетбековнанын кылмыш иши боюнча «күнөөлүү» же «күнөөлүү эмес» деп айта албайм, аны тиешелүү Сот органы гана аныкташ керек эле, тилекке каршы, андай болбой калды. Зыябекова Аксы РБББнүн башчысы болуп келгенден баштап, билим берүү тармагын туӊгуюкка алып келди. Кадр маселесинде орой кемичилдиктерди кетирип, адискөй мугалимдер четте калды. Зыябекованын маданий деӊгээли өтө төмөн, мугалимдик этикага туура келбеген жоруктары менен Аксы элинин эсинде калды эле! 2018-жылдын 31-декбарында сот залынан чыгып эле, райондук билим берүү бөлүмүнө барып, баарын коркутуп «мен 24-январда жумушка чыгып силерге көрсөтөм», «мен сотто жүргөндө бириӊ да кабар албадыӊ», «керек болсо баары менин сөзүмдү сүйлөйт» деп басып жүрөт. КРнын билим берүү министрлигине бир нече ирет кайрылдым бирок, Зыябековага эч кандай чара көрүлбөдү!
Урматтуу Гүлмира Кудайбердиева! Сизден суранам сиз, Аксы райондук билим берүү тармагында эмгектенип жаткан мугалимдерине жана жаш өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө кайдыгер карабасаӊыз, Зыябекова Угулай Медетбековнаны ордуна кайра дайындабаӊыз!? Келечек муундун убалына калып кетпеӊиз. Мен аялмын, Зыябекова камалбасын бирок, билим берүү тармагына кайтып келбесин.
Сизди терең урматтоо менен, Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарынын Ленин көчөсүнүн №41 үйүнүн жашоочусу: А.Абдималикова.
Булак: NazarNews.kg