www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин тагдыры кимдин колунда?

Тазалануу, жаңыча ой жүгүртүү, чыныгы реформа болбосо кыргыз өлкөсү жарыбайт деген сай-сөөктү сыздаткан кепти калктын басымдуу бөлүгү үч жылдан бери эле какшап айтып келатат. Аттиң, ал сөздүн эпкини эч нерсени тоголото албаганы, өзгөртүүгө дараметсиз экени айдан ачык көрүнүп калды. 36 айда ондогон куйругунда калбыры бар депутаттар мандатынан ажырашты. Айрым лидермин деп көкүрөгүн даңкайткандар деле мамлекеттен чыгып кетишти. Кээ бирлери жазага тартылып, шылуундары болсо кутумчулугу үчүн безген бойдон жоголду. Бирок, кеткендердин ордуна келгендери деле алардын ксерокопиясы сыяктуу кабыл алынганы калп эмес. Айтор, парламенттин “тегирмени” талапка шайкеш иштей албай жатат.

Ошентип жаңы келген жылдын алгачкы айынын жарымынан көбүн узатып койдук. Тилекке каршы жөрөлгөлүү саамалыктардын эмес жараатты чукуган кейптеги көрүнүштөрдүн ордосуна айландык. Депутаттар токуган мыйзамдарды көпчүлүк жылуу кабыл албастан кыжырдануу, келекелөө менен тоскону эмнени каңкуулайт? Албетте, чийки мыйзамдардын зарылчылыгы канчалык? Негизи элге жарыгы тийбеген мыйзамдарды жарата салган мыкчыгер депутаттар ошол кетирген осолдугу үчүн неге жазаланбайт? Же мандаты бар болсо эле баткакты кечип жүргөнүнө кайдыгер боло беребизби? Акыйкаттыкка келсек үч жылда парламенттегилер казынаны канча миллионго курутту? Анын көлөмү оңбогудай эле болгону ырас. Демек, дагы эки жылды ушул арабөк калган депутаттарга “сый белек” катары тартуулап беребизби? Эмне үчүн калкына пайдасы тийбеген жалаң жеп, ичкенге, көз боемочулукка шыктанган депутаттарды кастарлап отура беришибиз керек? Алардын сөөмөйлөрү бирөөлөрдүн гана кызыкчылыгына добуш берсе деле чыдай беребизби? Деги аларды биз шайладык беле, анда неге анчалык эркелетебиз? Мына ушул суроолордун жаралышы жөн жерден эместир? Ийкемдүү, тил алчаак парламент ошондо кимге керек болуп жатат? И-ии ошого көңүл бөлүп көрөлүчү, таптыңарбы табышмактын жандырмагын? Баракелде...

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости