www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шүгүр дейли, өзүнүн уюштуруучулугу, жөндөмү, сезимталдыгы аркылуу эл ичинде жылуу пикирге арзыган айымдар жок эмес, бар. Тилекке каршы биздин системада эч кандай оң жылыштар болбогондуктан гендердик маселе көңүл сыртында калып келет. Эгерде мурдагыдай тың кадрлардын тизмеси керектүү жерлерде сакталып турганда мындай алешемдикке жол берилмек эмес.
Маселен, мурда калк ичинде, өкмөттүн, парламенттин кууш бөлмөлөрүндө жакшы пикирге татыктуу болгон Айгүл Рыскулова, Дамира Ниязалиева, Ыргал Кадыралиевалар эмне үчүн учурда кызматка илинишпей бош жүрүшөт? Анткени президенттик аппарат, өкмөт өзүнө ык берген, тилден чыкпаган кадрларга басым жасоо менен алек. Сергек мамиле болбогондуктан орто заар кадрлар ишке тартылып, алгылыктуу жылыштар болбой жатат десек туура сыпатка ээ. Айтор, чалажан өкмөткө чабал кадр жарашат дегендей аныктама дал келүүдө. Дагы деле кеч эмес, ылайыктуу кызматка биз айткан кадрлар келсе өзгөрүү сөзсүз болмок.
Булак: "Ачык сөз"