www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбековго

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Президент, Сизди Кыргыз Республикасынын ар жашоочусунун Атасы катары билебиз жана сыйлоого милдеттүүбүз. Бирок ошол эле убакта СИЗДИН кол алдыңызда иштеген жан жөкөлөрүңүздүн карапайым элге кылган мамилеси душмандарга кылгандай элес калтырат. Биз карапайым адамбыз: СИЗДЕН бийлик сурап, кызмат сурап, акча сурап барбайбыз. СИЗ Кыргызстанда жашаган ар бир адамдын өмүрүнүн, копсуздугунун гаранты катары билебиз. Мен катардагы адаммын жана менин укугум менен кошо милдетим бар. Милдетим Кыргызстандын бейпил тынч жашоосуна салым кошомун. Бирок ошол эле убакта укугум тепселип жатат.

Мына Сиздин Башкы прокуроруңуз МЕНИ кабыл алганга, менин арыз муңумду угууга жарабады, кабыл алуудан качты десем да болот. Кыргызстандын ар бир мамлекеттик кызматы карапайым адамдарды кабыл алып, алардын арыз мунун адилет чечип берүүгө милдеттүү. Эшигин тешип олтуруп, өзүнө жетпедим. Сиздин проблемаңызды ГЕНПРОКУРОР билет дешти, бирок кабыл албады, билгени ушулбу, уй тилиндей “дежур” жоопторду жибергенден башка билбеди. Урматтуу Президент, мен Сизге кайрылдым эле, жооп болбоду. Кайрадан экинчи жолу кайрылып жатамын.

Ушул жолу мени алдап кеткен “алдамчы ууруларга” (мошенник) чара көрө албасаңыз анда мен акыркы кадамдарга барамын. Башка айлам жок. Мага уурдалган машинаны сатып кетишти. Шектүүлөрдү кармаганга жардам бердим. Мен ал машинаны маңдай терим менен тапкан акчама сатып алып, ушул жазда кайра сатып, арендага салган жеримди иштетүү биздин үйдүн мыкты пландары эле. Мына ошол пландарыбыздын үмүтү сынып олтурат. Жаз келди, машинаны сатып жер иштетишим керек, жаздын ар күнү алтынга тете, СИЗ аны Ош областынын губернатору, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп иштеп турган адам катары абдан жакшы билет деген ойдомун.

Мен СИЗДЕН тышкары Башкы прокуроруңуз Ө.Жамшитовго, Кыргыз Республикасынын Премьерминистри М.Абылгазиевге, Жогорку Кеңештин депуттары С.Нышановго, Ж.Акаевге кайрылдым, жооп алдым, бирок адилет чечим алганым жок. СИЗ Конституциянын гарантысыз! ОШОЛ себептүү МЕН СИЗге дагы бир ирээт кайрылып жатамын. Менин мандай терим менен тапкан акчама сатып алган машинамдын баасын өндүрүп бергиле, болбосо анда мен машинаны сатып жерди иштетүүгө тийишмин.

Сиздин кызматкерлериңиздин бардыгына эскертүү беремин. Кийин айткан эмес, уккан эмеспиз деп СИЗДИН кызматкерлериниздин айтаарын бөркүмдөй ишенүүгө туура келип олтурат. Мени акыркы коркунучтуу кадамдарга баруудан сактап калыңыз. Сизди менин маселемди чечет экен деп турам. “АПРЕЛЬ” телеканалы мен тууралуу материал даярдаймын дегенине качып болбой койдум. 

Мен билемин, ал телеканал СИЗДИН жүргүзгөн саясатыңызга караманча карама каршы экен, ошол себептүү мен СИЗГЕ дагы бир жолу ишенүү менен акыркы үмүт менен кайрадан кайрылып жатамын! Жаз жарыш, күз күрөш маалында СИЗДИН Башкы прокурорунуз маселени чечпей, күзгө чейин чойчудай болуп олтурат. Бардык материалдар, кылмыш иши жана менин абалым Башкы Прокуратурада, ИИМде, Жогорку Кеңеште турат, бардыгы айтышты “жардам беребиз ак жериңизден куйүп жатыпсыз, адилет чечим болот”- деген.

Ал качан болот: жайдабы, күздөбү. Жаз алдындагы менин арендага алып жер иштетейин деген үмүтүм, бала бакырамдын үмүтүн - КИМ ТАШ ТАЛКАНЫН ЧЫГАРАТ??? УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ! БУЛ КАТ СИЗГЕ ЖЕТЕБИ ЖЕ ЖЕТПЕЙБИ БИР КУДАЙ БИЛЕТ. ЭГЕРДЕ КАЙРЫЛУУМ ЖЕТПЕСЕ АНДА ГАЗЕТА АРКЫЛУУ ДА КАЙРЫЛАЙЫН. СИЗДЕН АДИЛЕТ ЖООП КҮТӨМҮН.

Эгер менин арыз мунум СИЗге жетпесе анда мен калайык калкка СИЗГЕ маалымат каражаттары аркылуу, интернет аркылуу, телеканалдар аркылуу КАЙРЫЛУУГА АРГАСЫЗ БОЛОМУН! (Мендеги арыздардын жана материалдардын копиялары СИЗдин арызга кошумча тиркелет.

Сизден тез арада адилет чечим болот деген ишенич менен, Бишкек шаарынын Мурас Ордо жаңы конушунун тургундары - 12/211 көчөсүнүн жашоочулары: Н.Юсуббаева жана М.Юсуббаевдер.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости