www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы 300 миллион сомдон ашык карызга батып, 100дөн ашык кызматкери жумушсуз отурат. Депутат Зиядин Жамалдинов авиакомпаниянын мындай кырдаалга кабылганына директору Жолдош Бектургановду түздөн-түз күнөөлүү деп эсептейт.

Бул туурасында: "Бектурганов жетекчи болуп келгенде бул авиакомпанияда 5-6 учак бар эле. Анын баары ар тараптуу иштечү. Таң калычтуу, ушул күндө анын балансында бир да учак калбаптыр. Кала берсе, авиакомпания 302 млн. сом карызга батып, 100дөн ашык кызматкери бүгүнкү күндө жумушсуз калган. Алардын кайрылбаган жери калган жок. Бирок эч ким көңүл бурбай келет. Бектурганов болсо 2-3 орун басары менен бирге ошол жерден айлык-маяна алып иштеп жатат" - деп агынан жарылды.

Авиакомпаниянын айланасындагы бул маселени 3 жылдан бери депутаттар көтөрүп келет. Кала берсе, тийиштүү транспорт комитети да отурум өткөрүп Бектургановдун жоопкерчилигин карап, жумуштан алуу боюнча парламентте өкмөткө тапшырма берген.

Мына ушул жагдайды эске салган Жамалдинов: "Ага карабай ал иштеп эле жүрөт. Муну ким калкалайт десе, көрсө аны премьер-министр өзү калкалап, эч кимге тийгизбей, ушул күнгө чейин иштетип жүрөт. Президент Сооронбай Жээнбеков өзү коррупция менен күрөшүп келе жатат. Бирок ошого карабастан, өкмөт андайларды коргоп жатканы таң калычтуу" - деп күйүп-бышты.

Зиядин Жамалдинов буга чейин авиакомпаниянын 75% акциясы сатыкка коюлганын, канчалаган кардарлар карызын көрүп баш тартканын, өкмөт ааиакомпанияны акциясы менен сатып, жетекчилерди ка-рыздан кутултканы жатканын кошумчалады. ОшондоЙ эле ал президенттин Жогорку Кеңеш-теги өкүлүнөн "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясын көзөмөлгө алып, чара көрүүнү өтүндү.

Булак: Фабула

Последние новости