www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.

Бирок үч күндөн бери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн конок басып, айрымы Атамбаевдин көңүлүн сурап барса, айрымдары ар кандай максатта барып жатканы айтпаса да түшүнүктүү.

Кызыгы тагдырдын тамашасын караңыз. 2010-жылы  апрель окуясынан кийин Курманбек Бакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Тейит айылында элдер менен чогулса, арадан 10 жыл өткөндөн кийин так ушул эле көрүнүш Алмазбек Атамбаевдин тагдырына туш келди.

Бир жылдан бери оюна келгенин айта берген Алмазбек Атамбаев душмандарын көбөйтүп, өзү теңсинбеген “чимкирик” парламент Атамбаевдин тагдырын чечип койду.

Ошентип, Атамбаевдин кол тийбестигин “чимкирик” парламент алып койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости