www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, “жатып өлгөнчө, атышып өлөм” таризинде позицияны карманып, бийликке атырылганы анын айла кеткендеги кадамыбы?
АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараары айтылууда. Мындай шартта сиз экс-президентти колдойт белеңиз, деги эле ага эмне кеңеш бересиз?
- Алмаз Шаршенович өзүн-өзү алдады, өзүн-өзү жазалады. Бирок, бийликти өз эрки менен өткөрүп бергени маанилүү саясый чечим болду. Ошондуктан, кызуу кандуулукка алдырбай, ыплас маданиятсыз сөздөр менен аброюн кетирбей, жогорку деңгээлдеги мамлекет башчысы болгон адам катары коомдук маанилүү маселерди көтөрсө болмок.
Элди ынтымакка чакырып, мамлекет башчыларына стратегиялык өнүгүү багытындагы илимий сунуштарды аткарууну талап кылып, үлгү көрсөтсө азыркы саясый кырдаал башкача болмок. Коомчулук да туура кабыл алмак. Экс-президенттик жогорку статус даражасын колдонуп, маанилүү эл аралык иштерге катышып, оор салмактуу саясый үлгүнү көрсөтсө болмок. Сооронбай Шарипович экөө тең эртеби-кечпи тил табышмак . Анткени, азыркы президентке да мамлекеттин саясый туруктуулугу болбосо иш алып баруусу мүмкүн эмес.
Булак: “Майдан.kg”