www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты, Тазабек Икрамов, "Кыргызстанга ким кандай кыянаттык кылса ал «өзгөчө» адам экендигине карабастан, жоопкерчиликке тартылышы керек", деп "Де - Факто" гезитине маек курду.
—Тазабек Икрамович, кечээ Жогорку Кеңеште Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун экс-президент тууралуу билдируүсүн канчалык деңгээлде негиздүү деп айта аласыз?
— Башкы прокурор мыйзамды мыкты билген адам. Демек, эч качан адашпайт деп ойлойм. Болгону Жогорку Кеңеш өзүнүн милдеттерин толугу менен аткарды. Эгерде биз экс президенттин баардык иштерине мыйзамдуу баа бербей, унчукпай олтуруп алсак, эл бизди кечирмек эмес.
—Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта бир нече кишини чогултуп алганы анын аргасы кеткендигинен кабарбербейби?
—Айла кеткендеги кадам десек жаңылышпайбыз. Эгер ал.мыйзамды сыйлагаин адам болсо, эл аралык деңгээлдеги күчтуү жактоочулар менен ак экендигин далилдесе болмок. Али да кеч эмес.
—Ал парламенттин дарегине да сын айтып, алардын сотуна барбайм деди. Парламентти өзү алып келбеди беле?
—Алып келсе СДПКнын ичиндеги азыраак добуш ала албагандарын алып келгендир. СДПКнын ичинде дагы эң көп добуш алгандар бар. Башкаларыбыз өз күчүбүз менен элдин тандоосуна ээ болуп келгенбиз. Бизди жеке менчик ишканасына ишке алгандай башкарууга, каалаган сөзүн айтууга акысы жок эле. Биз элге гана баш ийебиз.Парламентти сындаганча, өзүнүн камын ойлосун!
Анан бир нерсени унутпасын, соттор биздики эмес. Кыргызстан деген мамлекеттики. Кыргызстанга ким кандай кыянаттык кылса ал «өзгөчө» адам экендигине карабастан жоопкерчиликке тартылышы керек...
Булак: Сезим Мураталиева, Де - Факто