www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Урматтуу кесиптештер! Комиссиянын төрагасы болгондуктан, мага интернеттен көп суроолор болуп жатат. Сиздин жеке Атамбаев менен талаш-тартышыңыз барбы деп? таптакыр жок. Бирок экс-президенттин 3 проблемасы бар. Биринчи- өзү түзгөн партиясы менен, экинчи - өзү баштап, жетекчи болуп анан өзү кол койгон 3 кодекс менен. Алар Кылмыш кодекси, Кылмыш-жаза кодекси жана Жосундар боюнча кодекси. Өзү кол койгон кодекстер өзүнүн кыймыл-аракетине туура келбеди. Үчүнчү проблема - акыркы жети жылда сотторду дайындоону, сотторду иштен бошотууну, сотторду тандоону, ал тургай сотторго сөгүш берүүну өзү чечкен жана соттор реформасы бүтүп жатканда «дүйнөдө жок сот реформасын жасадык» деп 30 дай кишиге орден-медаль, наам жана берген.

Демек ал бугун кыргыз элине , кыргыз парламентине, Генералдык прокуратурага, Өкмөткө доо айта албайт. Доону өзунө, өзу кол койгон Кодекстерге жана өзу дайындаган сотторго айтышы керек. Сиздер айтып жатасыздар, Кылмыш кодексиинин 3-статьясы бузулду деп. Биз Кылмыш кодекси менен жашаганыбызга 90 эле жыл болду. Эң негизгиси эл ант менен жашаган.

Мен КР Президентинин антын окуп берейин. «Мен КР Президентинин кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын  адилеттүү ишке ашырууга, адилеттүү ишке аштыбы? адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, коргогон жок го, оппозицияны кордодуго,Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, конституцияны бузуп, 2016-жылы конституция кабыл алды го?, элибиздин жаш мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоого, Таластык тууугандар жөнундө эмне деди эле, Нарындык туугандар жөнундө эмне деди эле?, элдин бүтүндүгү менен биримдигин камсыз кыла алдыбы?

Конституцияда жети нерсеге ант берсе, алтоосу бузулган. А кыргыз элинде антты бузгандарды эмне дейт? Кодекстин каргышы 10 жылдык болсо, анттын каргышы жүз жылдык.

Биринчи ант бузулду, экинчи нарк бузулду, шарт бузулду. 2016-жылдын 31-августунда 30 өлкөнүн элчиси турган жерде менин айтайын дегеним, наркты бузду. Шартты бузду калкты бузайын деди, Сөзүмдүн аягында эгерде куранды бузса, Кудайдын жазасын тартат. Мыйзамды бузса соттун жазасын тартат. Антты бузса каргыштын жазасын тартат.

Урматтуу Чүйлүк туугандар! Кимде-ким Чүйдү бузуп кетем десе, Аламдүндү бөлүп кетем десе, Арашанды бөлуп кетем десе, ал Кыргызстандын козүн оюп алганга барабар. Ал түбөлүк каргышка калат.

Биз кечээ эле Жусуп Абдырахманов жөнүндө фильмди көрдүк. Ошол бүт өмүрүн сайып коюп ушул млмлекетти түзгөн. Элестетип көрүңүздөр Жусуп Абдырахманов эшиктин алдына таш төктуруп алып, атчан алып келип алып, мамлекетти коргоп жатканын. Ошондуктан бүгүн баарынан эл, мамлекеттүүлүк жана мыйзам тарапта болушубуз керек!  

Булак: Де - Факто

Последние новости