www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаки деген элдин эсебинен байып жалаң чоңдорду көздөп келген Ат-Башынын кулуну бар. Ат-Башыга аттын башынан эстелигин курганы болбосо элге эч иш жасабай чоңдорду көргөндө шымын булгап, жата калып саламын берип,  соолуп калат. Эми анын мурунку заманын кеп кылбай эле койолу. Максим Бакиевдин алдында мамык төшөк болуп жатканда , бийлик алмашып кетет. Чет мамлекетте качып жүргөн Кубаныч Кадыров келип ИИМ министрине орун басар болот, анан эле Максим Бакиевдин мантайган куйругу Шакини жакадан алат, өзүнөбү, элгеби  белгисиз  500 млн сомбу же  долларбы салык салат. Мындан азыраак болгондо Шаки берип кутулмак, ортого Бабановду салып Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басары Атамбаев менен ымалалашат. Ошентип, Атамбаевдин “кошелогуна” айланып, Кой-Таштагы резиденциясын ушул Шаки салып берген дешип маалыматта айтып жатышат. Шаки Бабановдун “Республикасы” аркылуу ЖКга депутат болот. Кийинки шайлоодо СДПКнын кол куурчагы болгон “Кыргызстан” партиясын түзөт. Шайлоо бүткүчө жалгыз эле Каныбек Иманалиевди кубалап чыгат. Шайлоо бүткөн соң, аны шайлоодон өткөзгөндөр четинен кыйрайт.  “Жакшылыкка жамандык” деген ошол болот.  Акыры фракция лидери Канат Исаев жайланат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости