www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдамчылык менен алектенгенге шектелип 28 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү аялдын иш-аракетинен Ош шаарынын, Баткен жана Ош облусунун тургундары жабыркаган. Шектүү Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Ж-ва. М. Ноокат районунда жашырынып жүргөн жеринен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Ал 2023-жылдын март айында Ош шаарынын тургуну 1968-жылы туулган тааныш аялдын ишенимине кирип, банктык маселелерге байланыштуу банктагы 3 миллион акчасын ала албай жаткандыгын, аз күндө эсеби ачылса бере коёрун айтып, жабырлануучудан 800 миӊ сом өлчөмүндөгү акчасын алып, номерлерин алмаштырып, байланышка чыкпай изин жашырып кеткен.
Аталган факт жабырлануучунун арызынын негизинде алдамчылык беренеси (209-берене) менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
Шектүүнүн Ноокат районунун аймагында жашырынып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынып, тастыкталган. Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан 9-сентябрда аталган райондун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бүгүнкү күндө Ош шаарынын 4 тургуну ар кандай ири суммадагы акча бергендиги тууралуу милицияга кайрылышкан. Ошондой эле бул шектүүдөн Ош облусунун, Баткен облусунун көптөгөн жарандары жабыркагандары тууралуу ыкчам маалыматтар бар.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү бул жарандардан жабыркагандар болсо 0705-15-15-56 жана 03222-4-82-82 номерлерине кайрылууңузду суранат.
Булак: NazarNews.kg