www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индонезияда үйлөнө турган жигиттин атасы уулунун болочоктогу келинчегине үйлөнүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Tribun Sumsel басылмасы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя 19-августта Хальмахера аралындагы Джикотамо айылында болгон. С.А. аттуу кыз Исра деген жигитке турмушка чыкмак. Тойго эки тараптан коноктор, туугандар келип, бирок күйөө бала качып кетип, табылбай калган.
Туугандары С.А.нын тоюн уюштурууга 180 миң сомго жакын каражат жумшаганын айтып чыгышкан. Исранын аракети атасын абалды оңдоого мажбур кылган. Эркек кызды уятка калтырбоо үчүн уулунун ордуна үйлөнүүгө макул болгон.
Тойдун катышуучуларынын бири социалдык тармактарга жарыялаган видеотасма кызуу талкууну жараткан. Кээ бир комментаторлор колуктуну колдосо, башкалары кыздын үй-бүлөсүн кандай болсо дагы той өткөрүү талабын койгону үчүн айыпташкан.
Бирок Исрага эмне болгону азыркыга чейин белгисиз. Негизги эки гана версия бар: же ал үйлөнүүдөн корккон, же анын башка сүйгөнү бар.
Булак: NazarNews.kg