www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир катар уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-августта Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине К.Н. аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда аталган күнү саат 19:50дөн 23:15ке чейинки убакыт аралыгында Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринде терезе аркылуу мыйзамсыз кирип, жашыруун түрдө алтын буюмдарын жана антиквариат тыйындарды уурдап, кылмышкерлер белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык (уурулук) кылмыш иши козголду.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББинин ыкчам кызматкерлери тарабынан борбор калаанын аймагынан чыгып, из жашырууга аракет кылган, транспорттук такси менен Ысык-Көл облусун көздөй бара жаткан 1993-жылы туулган жаран Ч.Ж. кармалган. Жеринде мурда кылмыш жолу менен алынган буюмдар, 700 доллар, 10 миң сом жана эки уюлдук телефон табылган. Кылмышкер райондук бөлүмдөрдүн тергөө кызматына өткөрүлүп, кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту шектүүгө карата баш коргоо чарасын тандап, Бишкек шаарындагы СИЗО-1 камоо чечимин чыгарды.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Кол салган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(559)102-103, 0(550)102-360 жана күнү-түнү иштей турган 102 кыска номуруна кайрылыңыздар.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости