www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Түркстан облусунун Сарыагаш районунда киши колдуу болгон 5 жашар кыздын атасы кырсык болгон үйдү бузуу өтүнүчү менен Казакстандын өкмөтүнө кайрылганын казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Нуржан Ережеповдун айтымында, педофил-киши өлтүрүү боюнча соттолгон адамдын үйүнө аракечтер жана селсаяктар чогулуп турушат. Атасы трагедия кайталанышы мүмкүн деп чочулайт.
"Бул педофилдин үйү азыр аракечтер чогулган жайга айланып калган.Бир нече күн мурун коңшуларым телефон чалып, үйдө жарык күйүп турганын айтышты. Кошуналар анын үйүнө киришкенде, бир бөтөлкө спирт ичимдиги жана стакан бар экенин көрүшкөн. Бирок ал жерде эч ким жок экен, бул үй эчак эле аракечтердин жайына айланган.
Өкмөттөн бул үйдү толугу менен бузуп, үйдүн аймагын өз көзөмөлүнө алуусун суранабыз. Элге пайдасы тийген жер болсун. Бул үйдү сөзсүз талкалаш керек, анын үйүн талкалайбыз деп жогору жактан адамдар мага убада беришкен. Үй абдан эски, ал жерде жашоого мүмкүн эмес. Аталган жерде мастар атайын жай уюштуруп алышкан", - дейт өлтүрүлгөн кыздын атасы.
Эске салсак, Казакстандын Түркстан облусунда беш жашар кызды зордуктоого жана мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган жергиликтүү тургун Сайдолим Гаибназаров өмүр бою эркинен ажыратылган.
Сот өкүмүнө ылайык, ал мындан тышкары химиялык кастрация процедурасынан өтүп, жабырлануучу тарапка моралдык чыгым катары 100 миллион теңге (215 миң доллар) төлөп берүүгө да милдеттендирилди.
2023-жылы июль айында Казакстандын Түркстан облусунда беш жашар кызды ата-энеси таппай калып, полицияга кайрылышкан.
Кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристенин сөөгү издөө иштерине катышып жүргөн 48 жаштагы коңшусу Сайдолим Гаибназаровдун үйүнүн чатырынан табылган.
Кыздын өлүмүнөн кийин айыл эли дүрбөлөң түшүп, кыштакка полиция кызматкерлери келип, интернет убактылуу өчүрүлгөн. Жергиликтүүлөр мурда соттолуп чыккан шектүүнү элдин колуна берүүнү талап кылышкан.
Гаибназаровго "Адам өлтүрүү" жана "Сексуалдык зомбулук көрсөтүү" беренелери менен айып тагылган.
Тергөөнүн маалыматында шектүү ошол күнү мас абалында болгону, көчөдө ойноп жүргөн кызды азгырып, үйүнүн короосуна киргизгени белгиленген. Кыз бычакталып өлтүрүлгөн.
Булак: NazarNews.kg