www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бороон болоор алдында» укмуштуудай тынчтык өкүм сүрөт. Биздин 2-3 министрди кетиргени болбосо азырынча өкмөт тынч эле. Жакында Кыргызстанда «Бороон болот» деп француздар кан-какшап атат. Министрлик мамык орунга тантып сүйлөп элдин бүйрөсүн кызыткан ууланып калган «Уу коргошун» кайрадан министрге келди Бир жагынан бул реформалар Акаевдик, Атамбаевдик мафияны түп-тамырынан талкалап жаңы доорго бет алуу деп түшүнсөк болот. Экинчи жагынан «Борон болсо Акылбек Жапаровду баш кылып барын шыпырат.

Биздин өлкө жетекчилеринин эзелтен келе жаткан бир ит оорусу бар. Биринин шапкесин бирине кийгизип кадр алмаштыра беришет. Бирөө бир жерге байыр алып көпкө иштебейт. Эми иш менен таанышып, жаңыдан реформа кылайын десе кызматтан алынып, ордуна башка бирөө келет. Анан ал айланасын карап, кимдин ким экенин аңдап билгенче иштен ыргып кеткенин билбей калат. Отуз жылдан бери ушул көрүнүш. Орун алмашкандан сумма өзгөрбөй турганы биздин чоңдордун мээсине жетпей койду. Жетсе дагы кайдыгерликтен, жоопкерчиликсиз мамиледен, күнүмдүк кыска ойлонгон саясаттын айынан этегибиз узарбас болду.

 Мына жакында Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев эч себеби айтылбай жүйөөсүз иштен алынды. Негизи бийликтин колго илинген, коомдун көңүлү түз идиректүү кадры дал ушул Базарбаев эле. Эми андан дагы кол жуушту. Анын ордуна Саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп жаткан Гүлнара Баатырова келди. Өкүнүчтүүсү Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда эмне иш кылып жатканы белгисиз, ың-жыңы чыкпаган Гүлнара айым медицина тармагын кыйратып өркүндөтүп койгонсуп, ал жактан алып, Социалдык министри кылып алып келген көрүнүшкө эч кимдин ичи чыккан жок. Чынында ак мышык, кара мышык эптеп чычкан алса болду деген саясат кантип майнабын берсин? Эгер Баатырова жападан жалгыз иштин көзүн билген бирден-бир көзгө басар кадр болуп, башка колго илинээр эч ким жок болуп жатса бир жөн. Эт эмес, же чөп эмес ымтыраган мажүрөө немени улам бир жерге мурдунан жетелеп кызматка койгондон элдин көйгөйү түп орду менен чечилип, өлкө өнүгүп кетеби?

Президент бир катар кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады. Күтүлбөгөн мындай жүрүшкө көпчүлүк аң-таң болду. Өзгөчө Башкы прокуратура тарабынан 7 кылмыш иши козголуп айыпталып иштен алынган Алымкадыр Бейшеналиевдин кайрадан Саламаттыкты сактоо министри болуп келгени коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Негизи шектүү катары ишмердүүлүгүнө көлөкө түшкөн адамды кайра министр кылып алып келүү канчалык элдин ишенимин жаратат деген маселе күн тартибинде турат. Деги эле коомду иренжиткен мындай кадрдык өзгөрүүлөр өз жемишин бериши күмөн.

Кадрга чукак болуп, мынтип кайра министр кыла турган болсоң, ага кылмыш ишин козгоп, жаманатты кылып кызматтан кетириштин кажети бар беле? Мындай пиар кимге керек болгон? Эгер Алымкадыр Бейшеналиев таза болсо, анын ишмердик беделине шек келтиргендер мыйзам чегинде жоопкерчилик тартышы абзел эмеспи. Андай болбосо мындай шоунун өлкөгө, элге канчалык пайдасы бар? Акыры "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" болгон көрүнүш токтошу керек да.

Элди ушунчалык эле макоо, маңыроо көрүп, президент баш болуп, аны жандап, коштогондор "биз өз билгенибизди жасай беребиз, крокодил учат десек учат, конот десек конот" десеңер, анда пара менен кармалып, үй камагына чыккан мурдагы Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди, өлкөгө 1 миллиарддан ашык зыян келтирип камалып чыккан Кумтөрдүн мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктү дагы кайрадан кызматтарына койгула. Айтсаң тилиң күйөт, айтпасаң дилиң күйөт деген заман болду го...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости