www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын август айында Улуттук банктын эл аралык валюталык (алтын-валюта) резерви 8,1 миллион долларга өстү.

Улуттук банктын резервдери:

июлдун этегине карата — 2 миллиард 529 миллион 140 миң доллар;

августтун аягына карата — 2 миллиард 537 миллион 210 миң доллар.

Июль айында өлкөнүн башкы банкы 35,9 миллион доллар саткан. Миллиондогон интервенцияга карабастан алтын-валюта резервинин өскөн себеби айтылган эмес.

Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун колдоо үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости