www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды өлкөнүн түзүлгөнүнүн 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.

"Мындан үч чейрек кылым мурда Советтер Союзу Кореянын жеринде пайда болгон жаңы суверендүү мамлекетти биринчи болуп тааныган. Ошондон бери биздин мамлекеттердин ортосундагы мамилелер дайыма достук, ак ниеттүүлүк жана өз ара урматтоо принциптеринде түзүлүп келет", - деп белгиледи Россия лидери.

Путин ошондой эле өлкөлөр ортосунда түрдүү тармактарда кызматташуунун топтолгон тажрыйбасын эске салып, мындан ары байланыштардын бекемделишине үмүт артты.

Орус мамлекет башчысынын айтымында, Орусия менен Түндүк Кореянын өз ара аракеттенүүсү эки элдин кызыкчылыгына жооп берет жана Корей жарым аралында жана Түндүк-Чыгыш Азияда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга жардам берет.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости