www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти Жаза аткаруу кызматынын курамынан чыгарылып, өз алдынча бөлүм — Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча кызматы болду.
Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү токтомго Министрлер кабинети 16-февралда кол койгон. Президенттин 28-февралдагы жарлыгынын негизинде Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын төрагасы болуп Адилет Жанузаков дайындалды.
6-мартта юстиция министри Аяз Баетов Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча кызматына барды, анда өздүк курамды Министрлер кабинетинин токтому жана реформалардын жүрүшү боюнча маанилүү өзгөртүүлөр менен тааныштырды.
Жыйынга Президенттин администрациясынын Кырдаал борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев жана юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу катышты. Аяз Баетов Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматындагы реформаларды ишке ашыруу юстиция тутумундагы маанилүү кадам экенин белгиледи. Бул өзгөртүүлөр күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда эффективдүү контролду камсыздайт жана аны өнүктүрүү, потенциалды жогорулатуу үчүн ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Кызматтын жетекчилиги келген конокторго реформалар тууралуу маалымат берип, музейди, автопаркты, аскердик жана чарбалык мүлктөрдү, ошондой эле оңдоптүзөөдөн өткөн имараттарды — өткөрүү пунктун, нөөмөт жана административдик бөлүктөрдү, аскерге милдеттүүлөр үчүн ашкананы көрсөттү.