www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын коргоо министри Борис Писториус өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн (Бундесвер) 2025-жылга бюджетине алты миллиард евро жетишсиз экенин өкмөтү эскерткенин Bild басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.

"Коргоо министри Бундесверде кийинки жылы алты миллиард долларга чейин каражат жетишсиз болорун айтып, өкмөттө коңгуроо кагууда. Эгер аскерлерге акча бөлүнбөсө, Германия НАТОнун талабын аткарбай калышы ыктымал", — деп жазылат кабарда.

Маалым болгондой, Германиянын Финансы министрлиги келерки жылы коргонууга 52 миллиард евро бөлмөкчү. Бирок эксперттердин айтымында, Бундесвердин бюджетине ылайык, НАТОнун ИДПнын эки пайызын коргонууга бөлүү талабын аткаруу үчүн 4,5 миллиарддан алты миллиардга чейинки каражат керек болот.

Bild басылмасы билдиргендей, 52 миллиард евро аскер кызматкерлеринин айлык акысы, казармаларды жылытуу жана жабдууларды оңдоодон башка эч нерсеге жетпейт.

Бундесвердин каржылашы күмөн болуп жаткан долбоорлорунун ичинде согушка даяр бригаданы Литвада жайгаштыруу долбоору бар. Ага беш миллиард евро талап кылынат, бирок азырынча каражат бөлүнө элек.

Бундестаг жана Бундесрат 2022-жылдын июнь айында канцлер Олаф Шольцтун Бундесвер үчүн 100 миллиард еврого атайын фонд түзүү демилгесин көпчүлүк добуш менен колдошкон. Канцлер мындай модернизациядан кийин Германиянын Куралдуу күчтөрүн Европадагы эң ири армия деп эсептесе болорун белгилеген.

Последние новости