www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясында "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында калаадагы автоунаа кыймылын жөнгө салуу боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында камералар ишке киргенден тарта бардык айдоочулар жол эрежесин сактап, айрым көчөлөрдүн кесилишинде жол тыгыны көп болуууда.
Мындан улам төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине кошумча секциялар орнотулуп, жол чырактары жаңыртылат:
Жумушчу топтун жыйынтыгында Бишкек ШИИБдин ЖКККБсы, шаардын капиталдык башкаруу кызматы, ВЕГА компаниясы, "Бишкекасфальтсервис" ишканасы жана башка тийиштүү тараптар менен көйгөйлүү жол кесилиштерине чыгып жыйын куруп, керектүү жол белгилерин орнотуу тапшырылды, - деп жазат Спутник агенттиги.
Андан сырткары, Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги кишилер өтүүчү чийиндин абалын айдоочулар, активисттер, эксперттер жана жарандар менен талкуулайт. Себеби бул жердеги жол чийин жол кыймылына терс таасир берип жатканы маалыматта айтылат.
Бишкек мэриясы жарандарды өз сунуштарын [email protected] электрондук дарегине жана 0553013777 номери аркылуу WhatsApp мессенджерине жөнөтүүнү сунуштайт.
Булак: NazarNews.kg