www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин 8-кичи районунда жайгашкан №64 мектеп-гимназиянын директорунун 5 орун басары шаардык билим берүү башкармалыгынын Чынаркүл Белегенованы директор кылып дайындоо чечимине каршы чыгышты. Нааразычылыктын себеби — жаңы директордун улгайган жаш курагы.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын чечимине тарбия иштери боюнча орун басар, илим боюнча 2 орун басар жана окуу иштери боюнча 2 орун басар макул эмес. Алардын бири жумуштан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында айтылды. Бардыгы болуп аталган мектепте 8 орун басар болсо, педжамаатта 130 адам бар.

Орун басарлардын бири Элмира Оморова билдиргендей, жаңы директор компьютердик технологияларды өздөштүргөн эмес. «Мындай директор менен мектеп-гимназиянын өнүгүшү тууралуу эмне айтууга болот?», - деп айтышты башка орун басарлар Любовь Бондарева, Асел Абдыкасымова жана Айсалкын Сатубаева. Алар акырына чейин барышарын жана билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын, Бишкектин вице-мэринин милдетин аткаруучу Балбак Тулебаевдин кабыл алуусунда болушканын билдиришти.

18-февралда Билим АКИpress басылмасына Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, өзүнүн жакшы жактарын көрсөтө алган, көп жылдык стажга ээ, тажрыйбалуу педагог мектеп директору болуп дайындалды. Ал көп убактан бери чогуу иштешип жүргөн педагогго мектеп жамаатынын бир бөлүгү эмнеге каршы чыгып жатканына түшүнбөй жатат.

Чынаркүл Белегенова өзү Билим АКИpress баслымасына тажрыйбалуу педагог, орус тили жана адабияты мугалими экенин жана олимпиада, сынактар боюнча комиссиянын, эмгек спорту боюнча мугалимдер арасында өткөн сынактардын төрагасы болгонун айтты. Мектеп директорунун айтымында, 4 орун басар каршы чыккандыгынын себеби — алар өздөрү да бул кызматка талапкерлигин коюшкан жана ал мугалимдиктен дароо директорлукка өткөндүктөн бул чечимге нааразы болуп жатышат.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, кайрылгандарды Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгына жиберишкен, анткени Бишкектеги мектептердин директорун дайындоо менен аталган башкармалык алектенет, - деп жазат Билим Акипресс. 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости