www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан «75чилердин иши» боюнча кезектеги соттук отурум коомчулуктун көңүлүн буруп турат. Айыпталуучулардын бири, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин прокурор сунуштаган айыптоолорду алып салууга чакырганы соттук процесстин жүрүшүнөн кийин жаңы талкууларды жаратты.
Эгер жактоочулардын маалыматы чындыкка дал келсе, анда мындай кайрылуу коргонуу тарабынын иш боюнча келтирилген далилдер айыптоону колдоого жетишсиз деген позициясын билдирет. Бирок бул прокурорлор сөзсүз түрдө айыптоону өзгөртөт же андан баш тартат дегенди билдирбейт. Кыргызстандын жазык-процессуалдык мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик айыптоочу иш боюнча далилдерди баалап, айыптоону өзгөртүү же андан баш тартуу укугуна ээ. Ошол эле учурда мындай чечим соттук териштирүүнүн бардык жагдайлары эске алынгандан кийин гана кабыл алынат.
Бул иштин өзгөчөлүгү — айыпталуучулардын арасында мурда мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеген бир нече белгилүү адамдардын болушу. Ошондуктан соттун ар бир отуруму коомдук жана саясий кызыгууну жаратып келгендиктен жагдай соттун чечимине эмес, коомдук резонанска гана таасир этет.
Учурда экс-үлкөндөрдүн иш боюнча үч негизги сценарий болушу мүмкүн. Биринчиси — прокурорлор мурдагы позициясын сактап, айыптоону толугу менен колдоону улантат. Экинчиси — айрым эпизоддор же айыптар боюнча айыптоо өзгөртүлүшү мүмкүн. Үчүнчүсү — эгер далилдер жетишсиз деп табылса, мамлекеттик айыптоочу айрым айыптардан баш тартышы ыктымал.
Кызыгы, социалдык тармактарда акыркы күндөрү айыпталуучулардын айрымдары камакка алынышы мүмкүн деген пикирлер тарады. Айрым такталбаган эл арасындагы маалыматтарга таяна турган болсок УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, К.Зулушев жана экс-спикер Нурлан Шакиевдин камакка алынаары каңкууланууда.
Азырынча «75чилердин ишиндеги» негизги интрига — мамлекеттик айыптоонун акыркы позициясы жана соттун юридикалык баасы. Дал ушул эки фактор иштин мындан аркы тагдырын аныктайт.