www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасына карата төрт кылмыш иши козголуп, териштирилип жатат. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир кылмыш иши компаниянын жетекчилигине, калганы мамлекеттик кызматтарда иштеген жооптуу кызматкерлерге карата ачылган. Анын арасында Кыргызстандын бир нече экс-премьери жана Жогорку Кеңештин депутаттары бар.

«Жада калса бизде ошол убакта кээ бир депутаттар «Кумтөрдөн» кандайдыр бир суммада каражат алганы туурасында материалдар бар. Ошондуктан, мен сиздерден бардык иштерди сурабай турууну суранам. Эгер сиздер бүгүн токтом кабыл алып берсеңиздер, эртеңден баштап буга тиешеси бар бардык кызматкерлерди, адамдарды жоопко тартууну баштайбыз», — деди Ташиев.

Ошондой эле, ал учурда «Кумтөр» боюнча коррупция беренеси менен мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка өкмөт мүчөлөрү тергөөдөн өтүп жатканын кошумчалады.

Ушу тапта Жогорку Кеңеш жана министрлер кабинети Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун угуп жатат. Комиссия төрагасы Centerra буга чейин канча киреше көргөнүн, төрт президенттин тушунда канча алтын казылганын, Кыргызстан арбитраждык териштирүүдөн коркпой турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости