www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде тажиктер Ворухтун жолун жаап салышты

"Көк - Ташта жайлоодон кайткан онго чукул адамды тажиктер кармап жибербей жатышат. Биз тарапка өтө турган Ворухтун жолун жаап салышты", - деп билдирди бүгүн, 17-майда NazarNews маалымат агенттигине жергиликтүү тургун.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала-бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам каза таап, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости