www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев отчётко кирбеген жеке иликтөөсүн парламенттик жыйында маалымдап, төмөнкүлөргө токтолду:
Кумтөрдө Кыргызстандын граждандары 280 доллар айлык алса, чет элдиктер 51 миң 650 доллар айлык алган. Кыргызстандыктардан дээрлик 18 эсе көп айлык алышкан. Бул адилетсиздик. Биз Кыргызстандын эли «Кумтөрдөн» түшкөн ар бир 10 сомдун 1 сомун гана алсак, 9 сому Канадага кетип турган.
Адискөй Тенизбек Бөлтүрүковдун далилдерине караганда, бизге сатылып алынган запастык бөлүкчөлөр да рыноктук баадан эки жарым эсе көп болгон. Ошондой эле, кендеги эң чоң иш руданы ташып чыгуу. Кумтөрдө 2 миллиард тонна руда өндүрүлгөн. Канада күйүчү май да, жумушчу күч да кымбат.
Бирок, ошого карабай Канададан да, Түркиядан да, Монголиядан дагы эң кымбат бизде туруп калган. Центерра ар биринин өздүк баасынан 0,5 эле центтен коррупция кылганда жалпысынан булар 640 миллион коррупция кылышкан. Ошондой эле, бизде жумушчу күч, күйүүчү май арзан экенине карабай Монголия, Канада, Түркияга караганда запчастар 2 жарым 3 эсе кымбат бааланган.
Кыскасы, жалпы кирешенин 75 пайыздан 97 пайызга чейин центтеррага түшкөн. Булар жер алдындагы рудниктерди иштетебиз деп 180 млн. долларды жокко чыгарышып, чоң чыгымга жол беришкен. Ошондой эле, 2012-жылы туура эмес иш пландаштырышкандыктан, 200 млн доллар чыгым болгон. Лагерди көчүргөнгө 100 млн доллар кеткен. Биз ала турган кирешенинин эсебигнен 480 млн чыгым кеткен.
Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Ал эми Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айтты.
Centerra Gold Inc. - канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Булак: NazarNews.kg