www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» боюнча түзүлгөн келишимдерде экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун колу жок болуп чыкты. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Маалымат жыйын учурунда журналист Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча 2009-жылкы келишимдин автору экенин өзү тастыктаганын айтып, «ал да суракка чакырылабы?» деп сурады.

«Автор экенин билбейм, бирок келишимдерде колу жок болуп чыкты. Тергөөдө анын катыштыгы азырынча аныкталган жок. Эгер ал коррупциялык иштерге барган болсо жоопко тартабыз. Керек болсо камайбыз. Эгер күнөөсү болсо Акылбек Жапаровду да аяп отурбайбыз», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал «Кумтөр» иши боюнча баары ээлеген кызматына карабай жоопко тартыларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости