www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Орхан деп оңкосунан кетип, чыңырып аткандар дагы Гулендин акырынан жем жегендер», - деди бүгүн, 8-июлда NazarNews маалымат агенттигине V чакырылыштын вице-спикери Бөдөш Мамырова.

- Бөдөш эже, президент бейөкмөт уюмдар тууралуу талаштуу мыйзамга кол койду. Эми сырттан келген каражатка отчёт бербейбиз, уюмда иштеген кызматкерлердин так санын айтпайбыз деп жарандык коом президентти сындап чыкпайбы? 

- Акча жүгүргөн жерде дайыма так эсеп болуп ачык айкындуулук болушу керек. Ошол эле учурда акчаны кандай максатта кай жакка жумшалары тууралуу алдынала план иштелип смета түзүлүп жыйынтыгы боло тургандай кылып жумшоо керек да. Ошол жааттан алып караганда чет жактан каржыланган бизде иш жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар бир топ фондорду кандай негизде каржы системасы түзүлгөн кандай максатта ким тарабынан канча көлөмдө келип атканы ачыкталган эмес. Бир сөз менен айтканда, өтө жашыруун.

Ошондуктан бир топ күмөн саноону жаратып келген. Айрыкча акыркы убактагы бейөкмөт уюмдардын иш аракеттери массалык түрдө чагылгандай тездик менен уюштура койчу иш чаралары анын ичинде биздин салт-санаа нарк насилге туура келбеген алтургай ички саясий менталитетибиз эске алынбаган кыймыл аракеттеринин натыйжасы ушул мыйзамды кабыл алууга мажбурлады.

Негизи акча болгон жерде мыйзам иштеш керек. Болгондо дагы эл аралык уюмдар каржылаган мекеме уюмдарда андан бетер темирдей бекем мыйзам иштеши зарыл. Чочулоонун эч кандай кажети жок болгону ачык айкындуулук келген акча каражатынын кандай долбоордун негизинде келди кандай максатта жумшалганы коомчулукка белгилүү болуп көзөмөлдө болот. Мамлекетке көмөк көрсөтүп коомдун кызыкчылыгын көздөгөн бейөкмөт уюмдар үчүн өтө деле кооптонууну жаратбашы керек.

Эгерде кандайдыр бир тапшырма аткарып, тымызын донор мамлекеттерди маалымат менен камсыздап ошол эле учурда биздин тарыхыбыз нарк насил каада салтыбызды бурмалоого бизге коошбогон батыштын традициясын сиңирем деген максатта тымызын иш жүргүзгөн уюмдар үчүн бул мыйзам проблема жаратышы мүмкүн.

Ошондуктан эми байкалат бей өкмөт уюмдар фонддор эмне менен алектенип мамлекетке канчалык деңгээлде чыныгы көз карашта кыргызстан элинин кызыкчылыгы негизги максатбы же айрым бир донорлорго жаккан тема маалымат менен алектенеби. Ушул мезгилге чейин бейөкмөт уюмдар өтө купуя иш алпарды. Анткени, мыйзам жок болгондон кийин эч кимдин алдында так маалымат берилчу эмес да. Эми буюрса, күчүнө кирген мыйзамдын негизинде ачык айкындуулук гана болот. Ага эч кандай ызы-чууга түшбөш керек.

- Бул мыйзам акча жана материалдык каражаттарды акысыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орното алабы?

- Албетте, бул мыйзам ачык айкындуулукту жаратат. Тагыраагы, бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулган ар кандай иш чаралар ирээти менен максаттуу ишке ашып, элдин кызыкчылыгы мамлекеттин коопсуздугун көздөгөн мыйзам катары талаш-тартыш жаратбашы керек.

- Эмне үчүн кыздар ала качылса деле, Орхан Инанды жоголсо деле Американын саясатын колдогондор митингге чыгып, Кыргызстанга жалгыз эле ошолор күйгөндөй таасир калтырып, абалды башка жакка бурууга аракет кылып жатышат?

- Анткени, тапшырма ошондой. Ким каржыласа ошонун музыкасы ойноло. Ошондой эле ошолор талап кылган маалымат берилет. Батышка Бурулай менен Айзаданын кыйылган өмүрү эмес, биздеги үрөй учурган терс көрүнүштөр керек батышка. Болбосо Баткенде баскынчылар тарабынан оо дүйнөгө кеткен наристе Мадинаны эстеп койбогондор бүгүн Орханбей деп өпкө жүрөктөрү үзүлүп жатат. Орхан деп оңкосунан кетип, чыңырып аткандар дагы Гулендин акырынан жем жегендер. «Өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт» дегендей өз элине өз мамлекетине чагымчыл карасанатайлык иш кылып, террор уюштуруп батбай эл жеринен куулган адам кыргызга күйүп, биздин келечегибизге камкордук көрөт деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Алардын өз максаты, өз саясий көз карашы ишке ашыра турган көп жылдык келечектүү ой толгоолору бар. Беш-он жылдан кийин Орхан бейди мамлекет башчы кылабыз деп чыкбайт деп ким кепилдик берет. Мына бүгүнкү чыңырып аткандардан эле анализ кылса болот.

- Батышчыл күчтөрдүн көксөгөнү эмне?

- Өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырып өз саясатын жүргузуу ошол эле маалда көп кырдуу көз карашты орноту айрыкча жаштарды өз тарыхынан нукура баалуулуктардан алаксытуу салт-санаа нарк насилден алыстатуу, улут катары чачыратып жеңил желпи көп кырдуулукту орнотуу. Бир сөз менен айтканда, өз музыкасына оюнга түшүрүү...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости