www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иликтенип жаткан иш жөнүндө суроого учкай жооп берди. Ташиев учурда коогалаңга тийиштүү кишилер аныкталып жатканын айтты.
“Иш тергелип жатат. Катыштыгы бар кишилер аныкталып жатат. Жакында жыйынтыгын айтабыз”.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштаган. Атайын кызмат кайра тергөө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталганын 16-апрелде билдирген.
2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, жүздөгөн адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg