www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Камчыбек Ташиевди кепке тартып, чек арадагы жагдай боюнча тараткан юбилдирүүсү тууралуу баарлаштык.

--Камчыбек мырза, Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чектешкен айылдарда чыр чыккан мезгилде премьер-министрдин эмгек өргүүдө болгону коомчулуктун сынына  кабылды. Негизи премьер-министр  мындай учурда маселе жаралган жерге өзү барышы  керек беле же эс алуусун уланта бергени туурабы?

--Премьер-министр чыр чыкканын укканда эле мыйзамдуу эс алуудамын деп жатып албай 2 саатта жетип барышы керек эле. Сох анклавынын жанындагы Чечме айылында орун алган чыр 31-майда түшкө чукул болду. Бир саат болбосо да, эки саатта жетип барып, маселени чечип, жалооруган элге дем бериши керек болчу. Тилекке каршы, андай болгон жок.  Негизи премьерлик кызматка  эл десе ичкен ашын жерге койгон адам иштеши керек. Чыр чыктыбы, элин жабыркадыбы, үй бүлөңдү, бала-бакыраңды унутуп, ичип жаткан  тамагыңды таштап, ошол замат маселе чечкенге киришишиң керек. Биздин премьер-министр болсо мыйзамдуу эс алуудамын деп үн катпай  жатып алды.

--Вице-премьер-министр Бороновдун кечирим сураганын сындап Фейсбуктагы баракчаңызга жаздыңыз. Ошондой эле Өзбекстандын премьер–министрине да жооп бердиңиз. Кубатбек Бороновдун ордуна сиз болсоңуз  эмне кылат элеңиз?

--Ошол жерде Боронов эмес, мен болгондо Өзбекстандын премьер-министрине 20 миң эл жашай турган территорияга 80 миң киши батпайт. Ошон үчүн жер жетпей, суу жетпейт деген маселе жаралып жатат. Калкынын саны 100 миң болуп кетиптир деп кошумча 1 метр да жер да, ашык  суу да бере албайбыз. Жетиштүүсүн таштап, ашыгын алып кеткиле демекмин. Өзбек мамлекетин сыйлайм, урматтайм. Бирок, кудай кошкон коңшунун үстөмдүк кылган саясаты эки өлкөгө тең абийир алып келбесин ачык эле айтмакмын. Күнөөлүү болуп, кечирим сурамак эмесмин. Себеби, жаңжалды биздин жарандар эмес, алар чыгарды. Булак тазалаганы барган элге кол салды. Үйдү өрттөдү. Анан дагы барып, Бороновду кечирим суратышты. Мен мындай учурда мамлекетеимдин элимдин кызыкчылыгын коргоп, тең ата сүйлөшмөкмүн.

--Бирок, дайым эле чек ара маселесин чечкенге баргандар эмнегедир кошуна мамлекеттер менен тең ата сүйлөшө алышбайт го. Ашыкча сүйлөп алсам не болот деп кооптонушабы же татыксыз кадрлар дайындалып калганы үчүн кетенчиктей артка  беришеби?

--Түшүнөм мамлекеттик кызматтагылар көп сүйлөбөшү керек. Сүйлөсө эле креслосунан айрылат. Кызматымды жоготуп албайын деп көп учурда унчукпай коюшат. Бирок, элдин жердин кызыкчылыгы турганда  тартынбай эле ачык айтып, ак сүйлөш керек. Кандай маселе болбосун өз мамлекетиңдин кызыкчылыгын коргошуң керек. Кызматтын кулу болуп, креслоңду сактап калайын деп жан талашпай элдин кызыкчылыгын жогору коюшубуз керек. Өкүнүчтүүсү, биздин чек ара тармагын караган вицелер кызматтын кулу болуп калышты. Креслосун ойлошуп, көп жерден унчукпай коюшат. Ошон үчүн чек ара маселесинде чечкиндүү кадамдар болбой жатат.

--Чек ара тармагына сизди дайындаса, иштеп берет белеңиз?

--Мени чек ара эле эмес, башка мамлекеттик кызматка даярдаса да иштеп берем. Мен өзүм үчүн эмес элим үчүн иштейм. Кандай кызмат болсо да, элимдин кызыкчылыгын жогору коюп иштеп берээримди качантан бери эле айтып  келе жатам.

--Айрымдар сиздин чек ара маселесине маани берип жатканыңызды келаткан шайлоодо элдин колдоосун алуу үчүн элге жакын болуп жаткандай сезишет. Шайлоодо көп упай топтош үчүн чек ара маселесине киришип жаткан жоксузбу?

--Мен кызматта иштесем да, иштебесем да элдин маселесин биринчи орунга койгон адаммын. Колумдан келсе, элге жардам бергим келет. Чек ара маселесине өтө маани берем. Ошон үчүн  чыр чыккан жерге барам. Ызаа болгон элдин абалын сурайм. Өрттөлгөн үйдү калыбына келтирүүгө салымымды кошом. Чек арадагы маселени жүрөгүмө жакын кабыл алган үчүн эл менен бир болом. Бийликтин катачылыгын айтып, чек араны тейлеген  тармактын жетекчилерин сындайм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости