www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй-бүлөлүүмүн, кызым бар. Жубайым экөөбүз жети жыл жүрүп, үч жыл мурун баш кошконбуз. Келинчегим акылдуу, жакшынакай, аябай камкор. Экөөбүз жумуштан таанышканбыз. Дароо эле баш-отум менен берилип сүйүп калдым эле. Азыр да жакшы көрөм. Жубайым менен кайын журтумдун профессионалдуулук жактан өсүшүмө, адам болуп калыптанышыма салымы чоң. Ата-энем жок болгондуктан кайната, кайненемди жакын көрөм, ортодо жылуу, сый мамилебиз бар.

Болгону келинчегимдин ит кыялы жүрөккө тийип бүттү. Элдин көзүнчө жадырап-жайнап, айтканым менен болуп келет. Бөлөк-бөтөн киши жок болору менен кемирип-жей баштайт. Жакшы көңүл бурбай жатканымды айтат, кызгана берип кулак-мээмди жейт. Баарына чыдап келдим, мамилебизди бузбайын деп аракет кылчумун. Анын үстүнө жытыбыз сиңишип калгандан кийин майда-барат нерсеге көңүл бурбайын дээр элем.

Бирок эки жыл мурун башка аялга арзып калдым. Экөөбүз да жумуштан таанышып, алгач жөн гана сый мамиледе жүрдүк. Жакшы сүйлөшчүбүз, менин көңүлүмдөгүдөй аял эле. Убакыттын өтүшү менен ансыз жашай албай калганымды түшүндүм. Эми үйдөгү жаңжалдар да анчалык жүрөктү оорутпай, жумуштагы маселелер да мурункудай курч болбой калды. Мен аны буга чейин эч кимди, керек болсо аялымды да жакшы көрбөгөндөй сүйдүм. Бирок аялымды таштап кете албай турганымды жакшы билем, жанымды коерго жеп таппай жүрөм. Анткени кызым бар, ажырашсам жубайым кызымды таптакыр көрсөтпөй коет. Эч качан кечирбейт дагы мени. Аялдык туюму менен бир нерседен шек алып жаткандай, бирок илинчеги жок болгондуктан эч нерсе дебейт.

Менин сүйүүм күндөн күнгө күчөп барат. Ал дагы мени жакшы көрөт, ушунчалык жан дүйнөмө жакын, мени көз караштан түшүнгөн кишини жолуктурган эмесмин. Ал менден аялым менен ажырашуумду талап кылбайт, жөн гана менин жанымда. Минтип жашоо туура эмес экенин да жакшы түшүнүп турам, анткени өзүмдүн, анын, аялымдын тагдырына балта чаап жаткандаймын…

Бирок бирөөсүн тандап кете албай кыйналып жүрөм. Мага көп нерсе үйрөтүп, кызартып кыз төрөп берген, үй-бүлө берген адамды таштап кетүү канчалык оор болсо, жан дилим менен сүйгөн адам менен ача жолго түшүү да ошончолук кыйын болуп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости