www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар күчөтүлөт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болгон санарип баарлашуу учурунда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал аймактардагы топтолуп калган бир топ кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгаргандыгын, ошондуктан региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин белгиледи.

Президент аймактарды башкаруу, жергиликтүү бизнести колдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, региондордун атаандаштык артыкчылыктарын максималдуу жогорулатуу керектигин баса белгиледи.

«Негизги максатыбыз — жаңы санарип мамилелерди колдонуу менен региондорду комплекстүү жана ырааттуу өнүктүрүү. Бюрократияны кыскартып, жер-жерлерде калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, муниципалдык кызматтагы жол-жоболорду автоматташтыруу менен жарандарыбыздын жашоо-турмушун жеңилдетүү — негизги милдеттерибиздин бири. Региондорго санарип технологияларды киргизүү жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү облус жана райондордун жетекчилеринин ишин баалоонун башкы критерийлеринин бири болуп калат», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости