www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингдин арты менен ажылдап бийликке келген Элвира Сурабалдиева деген аял бар. Ызылдап жатып “Ата-Мекен” партиясынан депуттыкка аттанганы менен анын “Кудайберген” базарынан башка колдоочулары деле жок. Депутаттык олтургучтан чыга элекпи айтор, бир карасаң Фейсбукта түз эфирде, бир карасаң твиттерде сагызгандай сайрап, акыл айтып эле олтурат же муну “кой ай, бул жак базар эмес, чек жыйнаганды токтот” деген инсан жок.

Митингде катышканы ак сакалдуу улуу кишиден шапалак жеп тынган. Вице-премьерлик кызматка келгени Мээрбек Мискенбаев айтмакчы, “тата-пата” деп эле социалдык тармакта олтурат. "Кыпкызыл" – батышчылдардын тобуна кирет.

Баса, “базарчы” чоң күнөө жасады. Ал журналисттерди топтоп барып, госматрезервдеги жашыруун сырларды ачып салды, ал тургай дарегине чейин коомчулукка жарыя кылып, колундагы баракчаны түшүнгөн кишидей болуп окуганына күйөсүң.

Базардан башы чыкпаган Сурабалдиева мамлекеттин ичиндеги ачык сырды сатты. Бул - чыккынчылык! Сурабалдиевага УКМК азырынча үн ката элек. Арадан бир топ убакыт өтсө дагы кылмыш иши ачылып жоопко тартыла элек. Тар чөйрөдө Эльвира Сурабалдиеваны батышчыл экени айтылып жүрөт.

УКМК мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган Сурабалдиеваны качан жоопко тартат күтө туралы... Мындайларды сөзсүз жазага тартуу керек! Сурабалдиеванын кылыгы тууралуу кайрадан токтолуп, сүрөттөрү менен окурмандарга жарыя кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости