www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык «джиптерде» жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айтты. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай?

Анан калса, алардын шубасы 5 миң доллар, өтүгү 1 миң доллар экенин да жашырган жок. Соттордун адилетсиз, мыйзамсыз чечимдерди чыгарышканы пара алууга байланыштуубу? Деги эле Ташиев тоңгон музду жара алабы? Же «ириген системанын» курмандыгы болобу?..» деген собол узаттык. Бу жолу элге таанымал жактоочу Канат Хасанов жооп берди.

- Эми ачыгын айтыш керек, көптөгөн жактоочулардын жана сот системасындагы катардагы кызматкерлердин байкоосунда, судьялар чындап эле Камчыбек Ташиев айткандай, бери дегенде 50 миң долларлык машине минип жүрүшөт. Жашаган жерлери эки-үч кабаттуу чоң хансарайда же баардык шарттары менен кымбат батирлерде күн кечиришет.

Балдары чет өлкөлөрдө же бизде карапайым үй-бүлө баш багалбаган ЖОЖдордо окушат. Бул боюнча бир кезде коомчулукка жар салып: «Булар мындай акчаны кайдан табышат? Эмне үчүн булардын жашоолору майталкан?» деп жазып, айтып чыккам. Бул боюнча жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич чара көрүп баштаганы көзгө көрүндү.

Менимче, эгер ушул темп менен алдыны көздөй кетип отурса, коррупция менен шугулданган бир канча сотторду камакка алчусун камакка алып, «кустурчусун кустурат». Ошону менен бирге сот системасында алдыга жылыш болот деген үмүттөмүн. Муну эмнеге ишенимдүү айтып атам? Өз көзүм менен көрүп, мындай иштерге аралашып жүрөм, реалдуу «акулаларды» кармап жатат.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости