www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку убакта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кеңешчилери, пиар-кампаниясы аксатып салгандай. Маалыматтык күрөштө алсырап, утурумдук утулуштар ачык эле байкалды.
Арканды алыс ыргыткан кыраакылар баарын таразалап турушат эмеспи. Албетте, бул жагын сыноо катары баалайлы. Айрым кемчиликтерден сабак алган адам гана өсүүгө жол чабат...
А эң олуттуусу, Батыштан каржыланган бейөкмөтчүлөр менен айрым ЖМКлар абдан күчтөнүп алышканы, тамырлашканы, уюшкандыкта атакага өтүшкөнү жашыруун эмес. Элдин көзүн будамайлоо, бийликтеги таасирдүү адамдарды чалып жыгуу, сырттагы кожоюндарынын тапшырмаларын так аткаруу жагынан камчы салдырбай баратышат.
Булар торуна Камчыбек Ташиевди илип алуу менен каралашып, кызматтан кетирүүгө белсенишкендей. Коомчулуктун буйурун кызыта турган «маалыматтар» менен урдум-соктумга алышууда. Мындайда күрөшүү керек.
Ташиевдин бир жактуу пиарщиктери алсыздыгын көрсөтүүдө. Натыйжада, калыс маанайындагы ЖМКлардын күчү керек. Элибизге Батыштын буюртмасын аткаргандар жакшылык жасашпайт.
Мындайлар өлкөдөгү туруктуулукту бузууга, акыры бийликти кулатууга барышары жалганбы? Андыктан, уюшкан «чөөлөрдүн» аракеттерине жараша сокку уруу мезгилдин талабындай туюлууда...
Булак: Азия News гезити