www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек арадагы соңку атышуунун материалдык чыгымы алдын ала үч миллион сом деп эсептелди. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.
Маалым болгондой, жаңжалда эки сарай өрттөлүп, бир нече үй жана эки машине талкаланган. Бодо мал уурдалган жана өрттөнүп кеткен фактылар катталды.
Белгилей кетсек, азыркы учурда жаңжалдан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кайтты. Ошондой эле ал жерджеги мектептер да жанданды.
Эске салсак, 27-январь күнү саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаага таш жүктөп келишкен. Аны Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жаап, өздөрү ошол жерде Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган.
Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө деп аталган жерде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномет жана гранатометтордон ок чыгарышкан.
Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын аскерлерин аткылаган. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.
Ал эми 29-январда эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу да каралган.
Булак: NazarNews.kg